Жылуулук теңдеми

Википедия дан

Жылуулук теңдеми — бардык жылуулук менен пайдалуу ишке жумшалган жана пайдалануу убагында коромжу болгон жылуулуктардын суммасынын барабардыгы.

Техникада жылуулук теңдеми буу казанында, меште, жылуулук кыймылдаткычтарында жана башка механизмдерде болуучу жылуулук процесстерин талдоо үчүн пайдаланылат. Жылуулук теңдеми астрофизика, геофизика, химия, биологиялык жана башка көйгөйлөрдү чечүүдө, илимий изилдөө пайдаланылат. Пайдалуу жылуулук суу казанында сууну жылытууга, буу казанында бууну пайда кылууга кеткен жылуулук. Коромжу болгон жылуулук түтүн менен айлана-чөйрөгө кетет жана күл менен чыгат. Суюк же газ түрүндөгү отундар толук күйүп, коромжу дээрлик болбойт. Агрегаттарды сыноонун негизинде түзүлгөн жылуулук теңдеми боюнча үнөмдүүлүк аныкталат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]