Кайрымдуу

Wikipedia дан

Кайрымдуу , изгилик (орус. добродетель) – адамдын аң сезимдүү түрдө жана дайыма жакшылык кылууга даярдыгы менен жөндөмдүүлүгүн мүнөздөөчү фундаменталдуу моралдык түшүнүк. Адамдык идеалды анын адеп-ахлактык жактан жетилгендиги менен ырастоочу инсандык ички касиеттердин жыйындысы.

Кайрымдуулуктун айкын теорияларынын ичинен айрыкча маанилүүсү, Аристотель менен Канттын теориясы эсептелет. Аристотель кайрымдуулукту бакыт менен байланыштырат да, аны бакытка жеткирчү жол жана бакыттын өзүнүн негизги бөлүгү деп эсептейт. Кайрымдуулукту ички жан дүйнөнүн эң жакшы, телегейи тегиз түшкөн абалы деп эсептеп, Аристотель ал абалды жан дүйнөнүн пас-аффективдүү бөлүгү анын акыл-эстүү бөлүгүнүн көрсөтмөлөрүн аткаргандыгынан көрөт. Жыйынтыгында дал орто жерин тапкандык болуп чыгат. Кант боюнча кайрымдуулукту дал орто жери катары аныктоого болбойт, кайрымдуу менен кайрымсыздыктын ортосунда айрымачылыктын табияты өзгөчө сапатка ээ. Кант кайрымдуулуктун бакыт менен байланышын үзүп, аны милдетке баш ийдирет. Аристотель үчүн мораль инсандын моралдык жактан айрыкча таза (Кайрымдуу) калыпында көрүнөт. Кант үчүн мораль абсолюттук мыйзамга дал келет. Сократтан Платонго чейин кайрымдуулуктун кардиналдуу төрт түрүн бөлүштүрүү салты уланып келет: акылмандык, сабырдуулук, адилеттик, эрдик. Аристотель кайрымдуулуктун аймагын кеңейтип, ага токтоолукту, марттыкты, абийирдүүлүктү, достукка бекемдикти, кичи пейилдикти жана чынчылдыкты кошкон.

Схоластикалык этикада кайрымдуулуктун катары теологиялык түшүнүктөр: ишеним, үмүт жана сүйүү менен толукталган. Улам кийинки мезгилде эмгекчилдик, сарамжалдуулук, тырышчаак, акыйкаттуулук ж. б. сапаттар кошулду.



Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8