Кактус гүлү

Википедия дан
Кактус гүлү

Кактустардын мекени - Байыркы индейлер кактустарды ыйык деп эсептешкен. Кактустар кургакчыл климатка абдан ылайыкташкан.

Алардын жалбырактары тикендүү, түктүү, кадимки жалбырактарга караганда сууну аз буулантат. Алар кактустун сөңгөктөрүн жыш каптап турат.

Ошондуктан сөңгөктөрү өтө ысыкта да нымды чыгарбай ширесин сактап калат. Алардын айрымдарында 3 миң литрге чейин суу болот.

Кактустар чөлдө ным сактоочу бирден-бир өсүмдүк болгондуктан, саякытчылардын өмүрлөрүн сактап калган учурлары көп болгон.

Тикенектери ири жаныбарлардан коргонууда да кереги тиет. Кактустар өтө ар түрдүү-дарак, бадал, чөп сыяктуу болот.

Өлчөмдөрү ар кандай: өтө кичинейи 1см, чоңдору 25мге жетет. Майдаларынын салмагы бир нече грамм, ал эми чондору бир нече тонна.

Кактустун гүлдөрү ар түрдүү. "Түнкү каныша" кактусунун гүлүнүн желекчесинин узундугу 14 смге жетет. Мексикалыктар кожогат кактусунун жемишинен мармелад жасашат.

Айрым кактустун сабактарын бышырып, же кууруп жешет. Мөмөлөрүнүн ширесин ичишет. Малга тоют катары пайдалана турган кактустар да бар.

Алар малга берердин алдында тикенектеринен тазаланылат. Чоң кактустардын жыгачынан үй салышат, эмерек жана ар түрдүү кооз буюмдарды жасашат.

Кактустар - биздин өлкөнүн мейманы. Алар ботаника багында жана өсүмдук өстүрүүгө ышкыбоз адамдардын коллекцияларында өсөт.

Европага кактустар Колумбдун Америкага жасаган биринчи саякатында Жаңы Дүйнөнүн керемети катары алып келинген. Ал эми Россияга алгач Пётр I алып келген.

Колдонулган адабият: "Кенже мектеп окуучулар үчүн энциклопедия 1 том"