Каримов Сүйүн

Википедия дан

Сүйүн Каримов (1910-1971) - коомдук ишмер.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1910-жылы Гордой айылында кедей-дыйкан үй-бүлөсүндө туулган. Ата-энесинен жаштайынан ажырап туугандарынын колунда чоноет.
1917-1920-жж. Хожент уездинин Драгомир айлындагы жетимдер үйүндө тарбияланат.
1920-1925-жж. Өзбекстандын Анжиан шаарындагы жетимдер үйүндө окуп сабатын жоет.
1925-1926-жылдары Ташкент шаарындагы Кыргы-Казак пединстутунун даярдоо курсунда окуйт.
1926-1930-жж. Фрунзе шаарындагы педтехникумда окуйт,
1930-1931-жылдары Алай районундагы жетим балдар үйүнүн директору,
1931-1936-жж. Сүлүктүнүн, Шор-Булак, Баткендин Самаркандек, Лейлектин Катыран айылында башталгыч класстын мугалими.

Иштеген жайлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1936-1938-жж. Куршаб районунун Кочкор-Ата, Молотов районунун Пушкин орто мектебинде директор,
1932-1942-жж. Ноокат районундагы "Арал" "Жаны-Ноокат" районундагы "Төө-Моюн" орто мектебинде директор болуп иштейт.
1942-жылдан бери КПССтин мүчөсү.
1943-1946-жылдары Ата Мекен коргоого аттанып Москва, Ленинград аскер округунда, Брянск, экинчи Прибалтика фронтунда женил артиллериялык жана пулемоттук отделениянын командири болуп согушкан.
1946-жылдын 1-январынан Лейлек районунун Кара-Булак айылындагы Калинин атындагы 7 жылдык мектебине, ошол эле жылы август айында Коргон орто мектебине директор болот.
1948-1967-жылдардын аралыгында Лейлек районунун "Өзгөрүш", "Комсомол", "Эки-Овчу", 8-март мектептеринде мугалим болуп иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан.
1971-жылы каза болгон.

Сүйүн Каримовдун өмүрлүк жубайы Гүлү экөө үч уул, үч кызды тарбиялап өстүрүшкөн.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүйүн Каримов Ата Мекендик согуштун экинчи даражадагы, "Кызыл Жылдыз" ордендери жана бир топ медалдар менен сыйланган. Ошондой эле партиялык, советтик, органдардын, Кыргыз ССРнин агартуу Министирлигинин областтык, райондук Ардак грамоталарына жана баалуу сыйлыктарына татыган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Г. Мадаминов. Лейлек жана Лейлектиктер тарыхы. Бишкек, 1998-жыл.