Качымдай кой тикен

Википедия дан

Качымдай кой тикен (Allochrusa gypsophiloides (Regel) Schischk.), (Acanthophyllum gypsophiloides Regel) - Көп жылдык, тамыры жоон жана тик ылдый өскөн өсүмдүк. Гүлдүү сабагынын бийиктиги 70 см ге жетет, түп жагынан бутактанат, алар каптал жагына жайылган, көп учурда томолок шар сымал «камгактай» форманы түзөт. Жалбырактары сызгычтуу-шибегедей, түксүз же бодуракай, узундугу 1-3 см, туурасы 0,5-2 мм. Көп сандаган гүлдөрү биригип шыпыргыдай топ гүлдү түзүшөт. Чөйчөкчөсүнүн узундугу 4-6 мм, ичке коңгуроодой, түксүз. Желекчелери ак же кызыл-күлгүн, учу бүтүн.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Июнң-августта гүлдөп, август-сентябрда уруктанат. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда таралган. Кыргызстандын аймагында Чаткал, Талас жана Пскем тоо кыркаларында кездешет.

Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саваноиддер.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыскарып бара жатат.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Территорияларды чарбачылыкка өздөштүрүү. Эсепсиз тамырын чогултуу.

Өстүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өстүрүү иштери жүргүзүлбөгөн.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казак ССРинин Кызыл китебине (1981),СССРдин Кызыл китебине (1984), Өзбек ССРинин Кызыл китебине (1984) киргизилген. Чаткал (Өзбекстан), Бешарал (Кыргызстан) коруктарында коргоого алынган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бешарал коругунда бул түрдү негизги корголуучу түр катары караса болоор эле, анткени ал жерде анын саны азырынча жетишерлик. Түрдү атайлап өстүрүү зарыл.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

V U . Ареалы тез кыскарып бараткан түр. Бул түрдүн тамырынын курамында 30%ке чейин стероиддик кошулмалар – сапониндер бар. Алар парфюмерияда, текстилң, тамак-аш өнөр жайында, курулуш материалдарын чыгарууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]