Киреевский, Иван Васильевич

Wikipedia дан
Kireevsky.jpg

Киреевский , Иван Васильевич (1806—1856) — орус философу, лавянофильчиликтин өкүлү. Москвада, помещик-дворяниндин үй-бүлөсүндө туулган, Петербургда холерадан каза болгон.

Чыгармалары[оңдоо]

Өзүнүн чыгармаларында, орус маданиятынын өзгөчөлүгүн, атап айтканда, анын бир бүтүндүгүн жана жөндөмдүүлүгүн баса белгилөө менен, Киреевский батыш билим жаатын сынга алып, ал жактагы рухтун, илимдин, мамлекеттин, таптардын жана үй-бүлө байланыштарынын эки анжылык абалды башынан өткөрүп жатканына токтолот. Россияда болсо тышкы жана ички руханий дүйнөнүн бүтүндүккө умтулуу, бардык күнүмдүк нерселердин түбөлүктүүлүккө жана адамзаттык нерсенин теңирликке карата мамилеси жөнүндө дайыма унутпай эсте тутуу сыяктуу эски Россиянын жашоо-турмуш белгилери сакталып калды. «Батыш адамы, — деп жазат Киреевский, — өзүнүн адеп-ахлактык маанайына дайыма дээрлик ыраазы: дээрлик ар бир европалык адам сыймыктануу менен колун жүрөгүнө басып, өзүнө жана башкаларга менин кадыр-көңүлүм тынч, Кудайдын алдында да жана адамдардын алдында да... таптакыр акмын деп айтууга дайым даяр. Орус адамы болсо, мунун тескерисинче, өзүнүн кемчиликтерин ачык сезип турат, ал адеп-ахлактын шатысы менен канчалык жогору көтөрүлсө өзүнөн ошончолук көптү талап кылат жана өзүнө өзү толук ыраазы болбойт» [Чыгарм. толук жыйн. 2-т. 216-6.].

Европа тууралуу[оңдоо]

Ошол эле убакта Киреевский батыш европалык цивилизацияны этибарга албай койгон эмес. Ал мындай деп жазат: «европалык билимдүүлүккө болгон сүйүү, биздеги билимдүүлүккө болгон сүйүү экөө бирдей, экөө тең бүткүл өнүгүүнүн акыркы нокотунда жандуу, толук, бүткүл адамзаттык жана чыныгы христиандык агартуучулукка болгон бирдиктүү умтулууга, бир сүйүүгө келип кошулат» [Ошонун өзүндө. 162-6.].
Киреевский жамааттан социалдык түзүлүштүн идеалын көргөн жана ар кандай түзүлүш-тартипке орус көз карашынын айырмалуу тиби «жеке өз алдынчалыктын жалпы тартиптин бир бүтүндүгү менен айкалышканында турат» деп эсептеген [Ошонун өзүндө. 76-6.].

Идеясы[оңдоо]

Киреевский, философиянын багыты биринчи башталышында «Ыйык үчилтик жөнүндөгү түшүнүккө багыныңкы» деп жазат [74-6.]. Муну менен Киреевский христиандык көз караштын өнүгүү жолун көрсөтүп берген. Ал бирдиктүүлүк жана жалпылык жөнүндөгү идеяны айтып, коомдун бир бүтүндүгү адамдын жеке керт башынын эркиндиги менен анын индивидуалдык өзгөчөлүктөрүнүн айкалышынан турарын көрсөткөн. Бул болсо жеке инсандардын жалпы адамзат баалуулуктарына өз ыктыяры менен баш ийген шартта гана мүмкүн.
Киреевский бир бүтүн диний жана христиан философиясына негиз салган, ал кийин бир туугандар Трубецкийлер, С.Булгаков, Бердяев, Вл.Соловьёв, Эрн жана башкалар тарабынан өнүктүрүлгөн.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8