Куурчак театр

Википедия дан

Куурчак театр – куурчакты ойнотуучу артисттердин тосмонун артындагы аракети менен кыймылга келүүчү куурчактардын оюндарын көрсөтүүчү маданий-эстетикалык мекеме.

Куурчак театрдын сценасы, куурчактардын конструкциясы, мүнөздүү өзгөчөлүктөрү, башкаруу ынанымдары ар кандай болот. Көбүнчө: жогору көтөрүп ойноочу (петрушкалар, колго кийгизилүүчү жана таякчалар менен кыймыл аракетти чагылдыруучу куурчактар), илинип ойнолуучу куурчактар (марионеткалар), көлөкө театры (жалпак фигураларды экран аркылуу чагылдыруу) болуп бөлүнөт.

Орус элинин жомогундагы Петрушка сыяктуу, дүйнөдөгү ар бир элдин өзүнүн элдик каармандары – куурчактары болот: ФранциянынПолишинели, немис элинин – Гансвурети, ИталиянынПульчинеллосу, ТурциянынКарагазы, АнглиянынПаичасы, КазактардынАлдар көсөсү, КыргыздардынМебеке жана Бебекеси ж. б.

Москвада С. В. Образцов атындагы дүйнөгө атагы чыккан куурчак театры бар. Куурчак театрынын спектаклдери ар кандай көркөм өнөр каражаттары аркылуу балдарга айлана-чөйрөдөгү кооз жаратылыш, жашоо тиричилик жөнүндө кызыктуу, акыл-сезимдерине жеткиликтүү түшүнүктөрдү берет. Алар балдардын тарбия-билим алууларына чоң таасир тийгизишет. Балдар бакчаларында өтүлгөн чыгармалардын мазмундары боюнча тарбиячылар балдар менен бирге спетаклдерди коюшат. Тарбиячылар ата-эне, балдар менен бирге куурчактардын кийимдерин, спектаклдеги көрүнүштөрдүн декорациясын даярдашат.

Куурчак театрын үй-бүлө шартында да улууларды балдар менен чогуу катыштырып уюуштурса болот.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004