Кушан падышалыгы
Кушан падышалыгы – биздин замандын башында пайда болгон күчтүү мамлекет. Азыркы Орто Азиянын көпчүлүк бөлүгүн, Ооганстанды, Пакистандын батышын, Индиянын түндүгүн, Чыгыш Түркстандын батыш бөлүгүн камтыган. Рим, Парфия мамлекеттери, Хань династиясы менен бирдикте дүйнөнүн 4-кубаттуу империясы болгон. Кушан падышалыгын мурда Грек Бактрия аймагында 5 уруу болуп жашаган көчмөндөр түзгөн. Аларга кушан уруусу жетекчилик кылган. Падышалар Кужула Кадфиз, анын уулу Вима Кадфиз жана эң атактуу Канишканын тушунда кушандар зор аймакты багындырышкан. Падышалыктын гүлдөп өнүккөн доору Канишка менен анын уулу Хувишканын падышалык кылган мезгилине туура келет. 3–кылымдын ортосунда Васудев башкарган мезгилден тартып начарлай баштаган. 4–кылымда Кушан падышалыгы майда бөлүктөргө бөлүнөт. Кушан падышалыгынын тушунда көптөгөн курулуш иштери жүргүзүлөт, шаарлар өсүп, сугат системасы жана кол өнөрчүлүк бир кыйла өнүгөт, Улуу жибек жолу аркылуу Кытай, Парфия жана Рим менен кеңири соода жүргүзүлөт. Бул мезгилде Индиядан Орто Азияга жана Ыраакы Чыгышка буддизм дини таратылат.
[оңдоо] Колдонулган адабият
Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети
Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев.