Кыргызстандын темир кендери

Википедия дан

Кыргызстандын аймагында ондогон темир кендери бар. Бирок, алар начар изилденген. Надыр темир кенинде гана бургулоо иштери жүргүзүлүп, чалгындалган. Калгандарында геологиялык изилдөөлөр жер үстүнөн жүргүзүлүп, геологиялык схема түзүү жана сынамык алуу иштери аркылуу мүнөздөмө берилген.

Темир кендери пайда болуусу жагынан негизинен чөкмө (метаморфоген-чөкмө), контакт-метасоматоз жана магматоген типтерине кирет. Ошондой эле гидротерм жолу менен пайда болгон кварц-магнетит-гематит курамындагы темир рудалуу кенчелер да белгилүү. Метаморфоген-чөкмө кендери (Жетим темир руда бассейни) Ортоңку Теңир-Тоо бүктөлүү облусундагы Жетим кырка тоосунун түштүк капталында кезигет. Алар жогорку протерозойдун арасында сланец горизонттору жана гематит, магнетит рудалары бар тиллит сымал катмарларына топтолгон. Магнетит–гематит курамындагы скарн кенчелери пайда болушу боюнча гранитоид, чанда негиз составдуу интрузиялары менен байланышкан (Надыр кени). Магматоген тибиндеги кендери Балачычкан темир кенинин титан-магнетит рудалары кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]