Кыргызстан 2020 жайкы Паралимпиада оюндарында

Википедия дан
Туусу, оюндарда колдонулат
ЭОК коду:KGZ
УОК:Кыргызстан улуттук олимпиада комитети
Токиодогу Паралимпипада оюндары
Спортчулар 2  спортчу 2 спорттун түрү боюнча
Туучу Арстанбек Базаркулов
Хайитхон Хусан кызы
Медалдар Алтын Күмүш Коло Баардыгы
'

0


0


0


0
Жайкы Паралимпиада оюндарынын катышуучусу
1996  • 2000  • 2004  • 2008 • 2012  • 2016  • 2020
О. эле

Кыргызстан 2020 жайкы Паралимпиада оюндарына спорттун 2 түрү боюнча 2 спортчусу менен катышкан[1]. Кыргызстан эгемен тарыхында жетинчи жолу Паралимпиада оюндарына катышуусу.

Жайкы Паралимпиада оюндары 2020-жылы 24-августан 5-сентябрга чейин Жапониянын Токио шаарында өтүшү керек эле, бирок Эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясынан улам, Олимпиада оюндарын ошондой эле Паралимпиада оюндарын 2021-жылга жылдырган[2].Паралимпиада оюндары 24-августан 5-сентябрга чейин Токио шаарында өткөн.

Катышуучу курамдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын улуттук курамы
N Спортчулар Спорттун түрү Спорттун багыты
1 Арстанбек Базаркулов Жеңил атлетика Ядро ыргытуу F34
2 Хайитхон Хусан кызы Дзюдо — 57 кг


Жеңил атлетика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Арстанбек Базаркулов үч лицензиялык мелдешке катышуусунун жыйынтыгы боюнча паралимпиадалык нормативди аткарып, жолдомо алган. Ал 6-14-февраль күндөрү Дубай шаарында өткөн жеңил атлетика боюнча Гран-при лицензиялык мелдешинде ядрону түртүү боюнча 5-орунду ээлеген. Тунисте өткөн Гран-при мелдешинде 4-орунду, ал эми Ноттвилде өткөн Гран-при мелдешинде 7,98 метр жыйынтыгы менен коло медаль жеңген.

Спортчу Спорттун багыты Жыйынтыгы Оруну
Арстанбек Базаркулов Ядро ыргытуу, F34

Арстанбек Базаркулов 4-сентябрда таймашка чыгып, ядрону 7,92 метр аралыкка ыргыткан.

Дзюдо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандык дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Токиодо Паралимпиада оюндарына жолдомону 14-июлда алган. Спортчу 57 килограмм салмакта күч сынашат. Бул өлкө тарыхында биринчи жолу дзюдочу кыз Паралимпиадага катышат.

Спортчу Категориясы 1/8 финал Чейрек финал Жарымфинал Финал Оруну
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Хайитхон Хусан кызы — 57 кг

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Д. Федосова
(KAZ)
У 00—11 (ИП)

Алдыга жылган эмес 9

Хайитхон Хусан кызы 28-августта килемге чыгып, Казакстандык спортчу Даяна Федосовага жеңилип мелдешин жыйынтыктаган.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кыргыз спортчулары Токиодогу Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты. Kloop.asia. Текшерилген күнү 25 -август (баш оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 25 -октябрь (тогуздун айы) 2021.
  2. Joint Statement from the International Olympic Committee and the Tokyo 2020 Organising Committee, Olympics (24 March 2020).