Лимфа системасы

Wikipedia дан

Лимфа системасылимфа түйүндөрү жана капиллярлары менен тамырларынын жыйындысы. Ал жүрөк-кан тамыр системасынын составына кирет. Анын организмдеги аткарган милдети өтө зор. Лимфа системасы зат алмашууга катышат, кан пайда кылат жана организмди коргоо милдетин аткарат. Лимфа системасы лимфа капиллярларынан, лимфа тамырларынан, лимфа түйүнүнөн, лимфа өзөгүнөн жана лимфа өткөөлүнөн турат. Лимфа системасынын ар бир бөлүгү өзүнө тиешелүү милдеттерди аткарат. Лимфа системасы четки ткандар менен органдардан туюк түтүкчөлөр — капиллярлар менен башталат. Алар бири-бири менен кошулушуп, орган ичиндеги жана сыртындагы ар түрдүү формадагы чатыштарды түзөт. Лимфа капиллярларынын керегеси жалаң бир кат эндотелий клеткалардан турат. Лимфа капиллярга, аны курчап турган ткандардан өтөт. Лимфа капиллярынын капталындагы эндотелий клеткалары ар кандай механикалык, химиялык таасирге жана дене температурасынын өзгөрүшүнө өтө эле сезгич келип, алардын зат өткөргүчтүгүн өзгөртөт. Эндотелий клеткалары белок кыпындарын, липиддерди, белокторду жана башкалар заттарды, ошондой эле уулуу заттар эриген суюктукту, бактерияны, вирусту жана ар түрдүү керексиз заттарды соруп алууга жөндөмдүү. Бир канча лимфа капиллярларынын кошулушунан лимфа тамырлары түзүлөт. Ал тамырлар лимфа түйүндөрү аркылуу өтөт. Дененин түрдүү бөлүгүндөгү лимфа түйүндөрүнөн чыккан лимфа тамырлары биригип өзүнчө чоң лимфа өзөктөрүн түзөт. Бул лимфа өзөктөрүнүн кошулушунан эки чоң лимфа өткөөлү түзүлөт. Алардын бири көөдөн, экинчиси оң лимфа өткөөлү деп аталат.

Көөдөн өткөөлү уз[оңдоо]

30—35 см келип, лимфаны кишинин эки бутунан, ич жана жамбаш чарасынын капталынан, алардын ичиндеги органдардан, өпкөнүн жана жүрөктүн сол жарымынан, көкүрөк клеткасынын сол жагынан, сол колдон, баштын жана моюндун сол жагынан чогултат. Көөдөн өткөөлү ич көңдөйүнөн, экинчи бел омуртканын тушунда оң, сол лимфа өзөктөрүнүн жана ичеги лимфа өзөгүнүн кошулушунан түзүлөт да, бул жерде кеңейип, лимфа челегин пайда кылат. Андан ары лимфа өткөөлү көкүрөк омурткалары менен кызыл өңгөчтүн ортосу аркылуу жогору көтөрүлүп, моюндун сол жагына чыгат. Бул жерде көкүрөк өткөөлү жыйналган лимфаны акырек алдындагы вена кан тамыры менен моюндун терең вена кан тамыры кошулган бурчка куят.

Кишинин лимфа системасы: 1—көкүрөк лимфа каналы; 2—лимфа тамырлары; 3—лимфа түйүндөрү


Оң лимфа өткөөлүнүн уз[оңдоо]

1 —1,5 см келип, үч лимфа: оң акырек алдындагы, оң күрөө лимфа өзөгүнөн жана оң бронх ортолук өзөгүнөн түзүлөт. Оң лимфа өткөөлү лимфаны оң колдон, жүрөк менен өпкөнүн оң бөлүгүнөн, көкүрөк клеткасынын оң жагынан жыйнап, аны оң акырек алдындагы вена менен моюндун оң жагындагы терең вена кан тамыры кошулган бурчка куят.

Лимфа системасынын оорулары[оңдоо]

Лимфа системасынын оорулары тубаса жана кийин пайда болушу мүмкүн. Тубаса оорусу сейрек кездешип, анда дененин кандайдыр бир бөлүгүндө лимфа тамырлары болбойт же өтө аз болот. Ал оору анатомиялык жана функциялык бузулууларды пайда кылып, жаш кезде эле ишке жөндөмдүүлүктү жоготот. Лимфа тамырларынын өсүү кемтиги капысынан же шишиктин пайда болушунан билинет. Узак убакыт акпай токтоп калышынан лимфостазга жана дененин тийиштүү бөлүгү өтө чоңоюп кетишине алып келет. Бул оорулар кийин да пайда болот, мисалы, тилме, шишик жана башкалар сезгенүүлөрдөн да дене бөлүгү өтө чоңоёт.

Лимфа түйүндөрүнүн сезгениши[оңдоо]

Лимфа түйүндөрүнүн (Лимфаденит) жана лимфа тамырларынын (лимфангиит) сезгениши организмде сезгенген, ириңдеген жерлердин болушунан келип чыгат. Кээде түрдүү кырсыктардан (омуртка, кабырга, ийин сынганда же көкүрөк, ич, жана башкалар жараат алганда) көкүрөк жана жапа чеккенде андан лимфа агып, моюн ок тийип, бычак сайылып ич көңдөйүнүн ири лимфа өткөөлдөрү аны менен кошо белок, май, углевод жана башкалар керектүү заттар көп кетип, өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөсө, өмүргө коркунуч келтирет. Аны хирургиялык жол менен дарылайт.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8