Манастын варианттары

Википедия дан

Манастын варианттары — эпостун текстиндеги аткаруу-айтуу процессинде учуроочу түрдүү деңгээлдеги айырмачылык, чыгарманын оозеки жашоосуна байланыштуу ыр саптарындагы, окуялардагы алымча-кошумчалардын негизинде пайда болгон көп нускалуулук. «Манас» зор көлөмдүү, узак убакыт ооз жүзүндө гана жашап келген чыгарма болгондуктан анда өзгөрүүсүз сакталган (канондук) текст жок. Мазмуну, ыр саптары устаттан шакиртке, бир муундан экинчисине өткөндө, ал түгүл бир эле манасчы эпосту улам кайталап аткарганда өзгөрүүлөргө учураган. Шартка, түрдүү себептерге ылайык өзгөрүүлөрдүн деңгээли, мүнөзү да түрдүүчө болот. Ушундан келип эпостун варианттары жаралат. «Вариант» деген сөздүн терминдик жалпы мааниси бир нерсенин башка, өзгөргөн түрү дегенди туюнтат (к. Вариант).

«Вариант» термини адабият таанууда эки мааниде колдонулат. Кеңири планда — чыгарманын автографынын көчүрмөлөрүндөгү, басмадан чыккан тексттердеги өзгөчөлүктөр. Тар маанисинде адабият таануу илиминин түрдүү тармактарында спецификалык өзгөчөлүктөрү менен пайдаланылат. Фольклористикада айтуучу чыгарманы ар бир аткаргандагы текст вариант болуп түшүндүрүлөт. Анткени, оозеки чыгармалар, айрыкча көлөмдүүлөрү ар башка айтуучу аткарганда эле эмес, бир эле чыгарманы бир эле адам аткарганда да көптөгөн себептердин натыйжасында (мурда айтып жүргөндөрүнө чыгармачылык жаңы табылганы кошуу, бул же тигил деталдын эстен чыгып калышы, угуучулардын каалоосуна ыңгайлашуу, ошол учурда айтуучунун психологиялык, физиологиялык абалы жана башкалар) ар кандай өзгөрүүлөргө учурашы мүмкүн. манасчылардын кимиси болсо да өзүнүн вариантын эч өзгөрүүсүз сөзмө-сөз кайта айтпайт, бул мүмкүн да эмес. Ал түгүл чоң-чоң окуялардын орун алмашуусу, кеңири белгилүү окуялардын биринде кенен, экинчисинде алда канча кыска айтылышы, айрым сүрөттөөлөрдүн, окуялардын айтылбай калышы да мүмкүн. Мисалы, Алгач Саякбай Карала уулу «Көкөтөйдүн ашын» «Семетейдин» окуяларынын арасында айтып берген, ал эми 1968-ж. эпостун бардык бөлүмдөрүнүн окуяларын ирети менен бүт магнитофон тасмасына жаздырганда бул эпизодду «Манастын» окуяларынын арасында — өзүнүн логикалык ордунда айткан. Бир эле окуяны же сүрөттөөнү кайталап айткан учурда ыр саптары сөзмө-сөз дал келбейт:

Мына ошондо Тору айгыр

Чакчалакей чаң болуп,

Көчүгүнөн быягы

Кызыл челек кан болуп,

Көкүлүн көккө зыргытып,

Туягын жерге мылгытып,

Өзүң көргөн Тору айгыр

Айтайын десе тили жок,

Айгайды салганы,

Атаңдын көрү дүнүйө,

Калдай уулу капырга —

Кан Коңурбай баатырга

Дарбазалуу коргонго

Каны туткан ордого

Качып кирип Тору айгыр

Жайдак качып барганы.

Айтайын десе тили жок,

Жышаналайт Тору айгыр

Ошондо кабар салганы (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 4074инв., 98-99-б.).

Ушул эле эпизод кайра кайталап айтканда:

Көкүлүн көккө зыргытып,

Туягын жерге мылгытып,

Мына ошондо Карагул,

Карагулдун Тору айгыр

Карасаат мына бул,

Бөксө менен желиптир,

Калдай уулу капырга

Кан Коңурбай баатырга,

Дарбазалуу коргонго,

Бүтүп аткан ордого,

Жолборсу он беш төлдөгөн,

Жолоп адам келбеген,

Бел байлаган бегине,

Бекип жаткан жерине,

Кумурскадай кайнаган

Куу кытайдын элине,

Атаңдын көрү дүнүйө,

Барса келбес Бээжиндин

Балаңдынын жолунан

Тору айгыр качып барды эми,

Карагулдун колунан.

Мына ошондо Тору айгыр

Көкүлүн көккө зыргытып,

Туягын жерге мылгытып,

Бээжинди көргөн эмедей

Бөксөлөп ичин тарткылап,

Кара жерди каккылап,

Өзүң көргөн Тору айгыр

Барган экен кысталак. К

ошкуруп курсак тарткылап,

Атаңдын көрү дүйнө күн

Окуранып алыптыр,

О, долуга Тору айгыр кабар салыптыр (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 4074-инв., 1-2-б.).

Үзүндүлөрдө бир эле окуя баяндалганы менен эки текстте сөзмө-сөз кайталанган айрым бир саптарынын бар экендигине карабастан экинчи текст биринчинин сөзмө-сөз кайталанышы эмес, анын варианты деш жөндүү. Тексттерден көрүнүп тургандай ыр саптарынын саны (19—33) да, алардагы маалыматтарда да айырма бар. Ал эми бир манасчы түзгөн вариантты экинчи адам өздөштүргөндө учураган түрдүү айырмачылыктар жана көлөмдөрүнүн бирдей эместиги табигый көрүнүш. «Манастын» ар кандай айырмачылыктар менен айтылары, көркөмдүк деңгээли, эстетикалык таасирдүүлүгү ар бир манасчыда ар башка экендигинде, айтуучунун жеке салымынын барлыгы айрым учурда чечүүчү мааниге да ээ болушу мүмкүн экендиги белгилүү. Буга бул же тигил варианттын аны жараткан жана айткан инсандын аты менен байланыштырылып аталышы да күбө (Сагымбайдын «Манасы», Саякбайдын «Манасы» жана башкалар). Варианттын мындайча айтылышы эпос ушул адамдын жеке чыгармасы дегендик эмес, эпостун көптөгөн варианттары бар экендигин белгилөөнүн өз алдынча көрүнүшү.

Манасчылардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрүнө ылайык жомоктун варианттары эки багытта — айтуучунун эркинен сырткары жана анын каалоосу боюнча түзүлөт. Биринчисин ыр саптарын бүт эмес, окуялардын нугун, мазмундун негизин түзгөн салттык туруктуу эпизоддорду гана кабылдап, өздөштүрүп, мурдатан кеңири белгилүү айрым элестүү даяр ыр саптарын кенен пайдаланып, чыгарманы өз сөзү менен бере турганын, башкача айтканда дээрлик жаңы деп айтууга да боло турган чыгарма жаратарын айтышат. Башка-башка айтуучулар турмак бир эле айтуучу эпосту кайталап айткан сайын «жаңы» текст жаратарын белгилеп, В. В. Радлов чыгарманын түрдүү варианттарын кагаз бетине түшүрүүнүн зарылдыгы жок деп эсептеген. Чыгарманын мазмунунун кеңейишинде, өнүгүшүндө, көркөмдүгүнүн жогорулашында эпостун варианттарынын активдүү жаралуу ыгынын мааниси чоң экендиги түшүнүктүү. Ошондой эле бул ык чыныгы жана чоң манасчылардын чыгармачылыгына мүнөздүү.

«Манас» эпосунун негизги бөлүмдөрүнүн кагаз бетине түшүрүлгөн жетимишке жакын варианты белгилүү (буга кызыл-суулук, оогандык жана башкалар жерлердеги кыргыздардан чогултулган материалдардын так саны белгисиз болгондуктан, кошулган жок). Жомоктун улам жаңы үлгүлөрүн жыйноо иши дагы эле улантылууда.

«М.» в-нын көлөмү, мазмундук, формалык касиеттери, көркөмдүк деңгээли бир кылка эмес. Бири-биринен орчундуу айырмачылыктарга ээ варианттар да, көп белгилери боюнча жакын тургандары да, бир эле окуянын айрым өзгөчөлүктөр менен айтылышы да, ошондой эле чыгарманын толук сюжетинин варианттары да кезигет. Ошондуктан, аларды чыгарманын варианттары жана эпостогу айрым окуялардын варианттары деп негизинен эки топко бөлүп кароо жөн. Чыгарманын бардык негизги окуяларын камтыган толук кандуу варианттар чыныгы же чоң манасчылар тарабынан түзүлөт, ал эми окуялардын варианттары негизинен үйрөнчүк же чала манасчыларга таандык.

Эпостун окуяларынын варианттары, адатта, аны жаратуунун пассивдүү ыгы аркылуу пайда болот. Түп нускалык милдет аткарган текстти жаттоо жолу менен жүзөгө ашырылуучу мындай иштин алгачкы учурларында эки текстте дээрлик айырма да жок болушу мүмкүн. Эпизодду жаттап алып аткарып жүргөн үйрөнчүк манасчы болсо, кийин өз вариантын түзгөндө жаттап алган тексттерди ошол боюнча же өзгөртүүлөрү менен өз репертуарына киргизип, эпостун башка окуяларынын катарында айтып калат Ал эми чала манасчыларда болсо адеп жаттаган текст негизинен ошол бойдон сакталып чыгарманын башка окуялары менен байланыштырылбай, үзүндү түрүндө аткарылат. Мындай учурда варианттык белгилер текст узак убакыт бою кайталанып аткарылуу процессинде тактоо, башкалардан уккандарынын өзү мыкты деп эсептеген үлгүлөрүн репертуарындагы текстке кошумчалоого аракеттенишинин натыйжасында жаралышы мүмкүн.

Эл арасындагы жана эпос изилдөөчүлөрдө кабыл алынган салт боюнча «М.» в. дегенде негизинен эпостун окуялары толук, көрүнүктүү айтуучулар түзүп жана аткарып жүргөн үлгүлөрү түшүнүлөт. Буга эпостун биринчи бөлүмүнүн Сагымбай Орозбак уулу , Саякбай Карала уулу, Шапак Рысменде уулу, Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман уулу), Багыш Сазан уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу, Ыбырай Абдыракман уулу, Мамбет Чокмор уулу тарабынан түзүлгөн, «Семетей», «Сейтектин» Саякбай Карала уулу, Жаңыбай Кожек уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу, Багыш Сазан уулу, Жакшылык Сарык уулу, Мамбет Чокмор уулу, Акмат Рысменде уулу, Актан Тыныбек уулу жана башкалар жараткан варианттарын кошууга болот.

«Манастын» түрдүү варианттарын бириктирип, алардын бир чыгарма экенин билдирип турган маанилүү белгилердин эң башкыларынын бири — чыгармадагы негизги окуялар, алардын өнүгүшү, жалпы сюжеттик нуктагы орду. Эпостун бул белгилери илимий эмгектерде эпостун туруктуу өзөк окуялары жана алардын салттык өнүгүш жолу деп аталат. «Манас» эпосунун туруктуу өзөк окуялары дегенде бардык варианттарда жолугуучу салттык эпизоддор түшүнүлөт. Бардык манасчыларга таандык сюжеттик бир канва да, эпостун идеялык багыты да ушул өзөк, уютку окуяларга карата белгиленет жана чыгармада чагылдырылган доордун мүнөзү да ушул өзөк окуяларга ылайык аныкталат. Бардык негизги варианттарга мүнөздүү өзөк окуялар: күчтүү душман тарабынан кыргыздардын чабылышы; баатырдын төрөлүшү жана бала чагы, алгачкы эрдиктери; ата журтту баскынчылардан бошотуу, Алтайдагы кыргыздардын Ала-Тоого кайра келиши; Шоорук, Алооке окуялары; Манастын Каныкейге үйлөнүшү; Көзкамандар окуясы; Алмамбеттин тарыхы; Көкөтөйдүн ашы; Чоң казат; Манастын өлүмү жана ага күмбөз салдыруу (к. «Манастын» сюжетиндеги туруктуу өзөк окуялары) жатат. Бул өзөк окуялардын берилиш ыгы, ар бир окуянын орду туруктуу. Айрым учурларда гана окуялар орун алмашып кеткен же айрым эпизоддор өз ордунда эмес башка бөлүмдө айтылып калган учурлар болот. Мисалы, Сагымбайда Алмамбеттин тарыхы өз алдынча чоң окуя катары Манас Каныкейге үйлөнгөнгө чейин айтылса, Саякбайда Чоң казат учурунда Алмамбеттин өзүнүн эскерүүсү түрүндө берилет. Туруктуу эпизоддордун берилиш системасындагы мындай айрым бузулууларды кандайдыр себептердин натыйжасы катары кароо зарыл. Чындыгында чыгармадагы окуялар системасы туруктуу, ар бир манасчы аны каалагандай өзгөртө берүүгө акысыз, тескерисинче, мурдатан кабыл алынган нукту сактоого милдеттүү. Ар бир чоң эпизоддун өз орду бар, алардын ирети так сакталууга тийиш. Бул факт «Манастын» калыптанып бүткөн, бардык окуялары бир композициялык бүтүндүккө бириктирилген чыгарма экендигин айгинелейт. Ар бир манасчыда өзөк окуялар ички мазмуну, деталдык белгилери менен айырмаланат. Бир манасчы бул же тигил эпизодду кенен, майда деталдарына чейин айтса, экинчиси өтө кыскартылган түрдө берет, ал эми үчүнчү айтуучу, аны такыр эле айтпашы ыктымал. Ушул белгилерге карай манасчылардын мектептик өзгөчөлүгү аныкталат. Окуялардын өнүгүш жолу, жалпы нугу, ички мазмуну жактан бири-бирине алда канча жакын турган айтуучулар бир мектептин өкүлдөрү катары эсептелет (к. Манасчылар мектеби ).

Адатта, ар бир жаңы вариант негизинен даяр сюжетти өздөштүрүп, окуяларды өз сөзү менен айтып берүү аркылуу жаралгандыктан манасчынын өзгөчөлүгүн белгилөөдө чыгарманын көркөмдүк касиеттери чоң мааниге ээ. Бирок, манасчынын жеке өзүнө таандык белгилер, өзгөчөлүктөр менен катар эле айтуучулардын көптөгөн муундарынын табылгалары болгон, жалпыга туруктуу салттык мүнөзгө ээ белгилер да аз эмес. Сюжет куруу, образдар системасы, окуяларды берүүнүн ыгы сыяктуу белгилерден башка, көптөгөн манасчылардын варианттарында жолугуучу сөзмө-сөз окшош, элестүү ыр саптары, сүрөттөөлөр, баяндоолор, портреттик мүнөздөмөлөр жана башкалар да бар. Андай туруктуу ыр түрмөктөрү бир муундун өкүлдөрү болгон, бири-бирин билген аралашкан манасчылардын гана эмес, бирин-бири такыр көрүшпөгөн атүгүл башка муундун өкүлдөрү болуп, ар башка тарыхый шартта жашаган манасчылардын варианттарында да кеңири жолугат. Мисалы, «Манастын» В. В. Радлов жазып алган варианттарындагы:

Кара жерге кар жааса

Карды көрсөң этин көр,

Карлуу жерге кан тамса

Канды көр да бетин көр (Радлов жазып алган вариант, 389) деген ыр саптары Саякбай Каралаевдин вариантында төмөнкүдөй айтылат:

Кара жерге кар жааса

Карды көр да, этин көр,

Кар бетине кан тамса

Канды көр да бетин көр (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 540- инв., 1873-б.).

Бул өңдүү бирдей ыр саптары манасчылардын ар биринде бар. Мында эпостун муундан-муунга өтүү процессиндеги туруктуулук касиетинин белгилери жатат.

Эпостун бир чыгарма экендигин белгилеп турган анын негизги варианттарынын дээрлик баарында жолугуучу көрүнүштөрдүн катарына көркөм ыктар менен көркөм каражаттардын салттык түрлөрү да жатат. Аларды кеңири пайдалануу варианттын өзгөчөлүгүн жокко чыгарбайт, баасын төмөндөтпөйт, тескерисинче айтуучунун дараметин, талантын белгилеп турат.

Эпостогу салттык көрүнүштөрдү кандай пайдалангандыгы, чыгарманы кандай жаңы табылгалар менен байыта алгандыгы манасчылардын талантынын, аракеттенүүлөрүнүн деңгээли менен шартталат.

«Манастын» негизги варианттарынын ичинен чоң манасчылар Сагымбай Орозбак уулу менен Саякбай Карала уулунан жазылып алынган тексттер башка варианттарда материалдарынын толуктугу жана өзгөчө кеңири планда айтылышы, көркөмдүк деңгээлинин жогорулугу менен айырмаланып, ошондой эле эки вариант бири-биринен окуяларынын өнүгүшү, сюжеттик курулушу жана башкалар белгилери боюнча орчундуу өзгөчөлүктөргө ээ болгондуктан алардын маанисин белгилеп варианттарынын ичинен алган ордун атайылап көрсөтүү, элдин көңүлүн буруу максатында айрым эпос изилдөөчүлөр (М. Ауэзов, В. Жирмунский жана башкалар) ушул эки вариантка карата вариант менен катар эле «версия» терминин колдонушат.

Версия (латын тилинен versio — түрүн өзгөртүү, бурулуш) — бир фактынын, окуянын бири-биринен айырмаланып, ар башка баяндалышы. Версия варианттан айырмаланып бир булак, бир негизге таянган материалдардын бири-биринен бир топ өзгөчө орчундуу белгилер аркылуу айырмалана тургандыгын туюнтат. Муну эске алганда «Манастын» түрдүү мектептин өкүлдөрү айткан үлгүлөрүн «версия» деп атоонун жөнү да бар, демек окумуштуулардын эпостун эки башка мектепке жата турган өкүлдөрүнө таандык материалдар жөнүндө сөз болгондо вариант менен катар «версиянын» да колдонулушу талапка ылайык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4