Мектеп кафедрасы

Википедия дан

Мектеп кафедрасы - мектептердин айрыкча гимназия, лицейлердин уюштуруу, жетектөө структурасындагы жаңы бирикме. Мектеп кафедрасы мугалимдердин илим изилдөө иштерин жетектөө, жаңы окуу программаларды, окуу китептерди, ошондой илимийпедагогикалык долбоорлорду баалоо, рецензиялоо, практикада колдонуу иштерин кординациялоо (айкалыштыруу), мектептин илим-изилдөө мекемелери, ЖОЖдор менен байланышын камсыз кылуу сыяктуу милдеттерди аркалайт. Эреже катары ага башчылык кылууга илимий даражасы бар илимий кызматкерлер, ЖОЖдун окмуштуулары чакырылат. Кафедранын жетекчилиги алдында мугалимдер окутуу тарбиялоо тармагындагы жаңы идеяларды жана технологияларды ишке киргизишет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004