Менталитет

Wikipedia дан

Менталитет (менталдуулук) – тигил же бул топко кирген адамдардын саясий жана социалдык реалдуулукту өзгөчө кабылдоосунун туруктуу, кеңири таралган жыйындысы. Менталитет таптын же улуттун саясий ойлонуусунун образын, мүнөзүн, ыкмасын билдирет, саясаттын субъектилеринин акыл-оюнун туруктуу абалын мүнөздөйт. Менталитет терминин ой жүгүртүүлөрүнүн жана акылдын оригиналдуу ыкмасын билдирүү үчүн колдонушат (мисалы, улуттук менталитет – грузиндик, орустук, кыргыздык ж. б. же регионалдык менталитет – скандинавиялык, америкалык, Чыгыштык ж. б.); таптык, социалдык менталитет – майда буржуазиялык, интел-лигенттик, маргиналдык ж. б.). Кээде менталитет ойлонуу шыгынын жана интеллектуалдуулуктун деңгээлин билдирүүчү квалификациялык – баа берүүчүлүк мааниде колдонулат («жогорку же төмөн» М., «бай же кедей» М. ж. б.). Саясий идеологиялык мүнөзүнө карай бөлүнгөн менталитет да болот (мисалы, либералдык, тоталитардык, демократтык же пролетардык, революциячыл же контреволюциячыл, реакциячыл менталитет ж. б.). Менталитет термини илимде ХХ к. башында пайда болгон. Алгач ирет менталитет деп тигил же бул улуттук-этностук жана социалдык маданий жалпылыкка таандык болгон өкүлдөрдүн «акыл-эсинин», «психологиясынын» бирдейлигин билдирүү үчүн колдонулган. Убакыттын өтүшү менен, бара-бара менталитет түшүнүгү адамдардын социалдык жана саясий психологиялык касиеттери жана уюмдашуу өзгөчөлүктөрүн жалпы түрдө сүрөттөп жазыш үчүн колдонула баштаган. Коом же ири социалдык катмар сыяктуу субъектилердин менталитет төмөнкүдөй кээ бир негизги позицияларга ориентир алышы мүмкүн: статус-квону сактоого багытталган консервативдүү коомдук модели; центристтик коомдук модели; либералдык-демократтык жана социалисттик модели; этностордун менталитетнин өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Алар саясий жүрүм-турумду чагылдыруучу улуттук мүнөздүн, психологиялык туруктуу сапаттардын белгилери менен шартталат. Улуттук маданият саясий баалуулуктардын жана улуттук приоритеттин иерархиясына таасир тийгизет. Инсандын менталитети көбүн эсе анын кайсы социалдык топко тийиштүү экендигине, билимине, үй-бүлөлүк тарбиясына, социалдык-маданий чөйрөсүнө жараша болот жана адам ушулар аркылуу гана өзүнүн керектөөлөрүн жана кызыкчылыктарын ишке ашыра алат. Менталитет саясий баалуулуктарынын объектиси катары коомдун саясий системасы толугу менен, анын иш жыйынтыктары, саясий уюмдар жана идеологиялар, укуктар жана милдеттер билими ж. б. эсептелет. Менталитеттин маселелери саясат таануу жана саясий социология тарабынан изилденет жана анын төмөнкүдөй предметтери бар: бюрократия жана бюрократташтыруу; элиталар; партиялар, кызыкчылыктар тобу жана кызыкчылыктардын агрегациясы; шайлоолор жана саясий катышуу, саясий бийлик; мамлекеттин функциялары жана үстөмдүк кылуучу түзүлүш (демократия, тоталитаризм, авторитаризм; коомдук структура, идеологиялар жана алардын коом жана саясат үчүн мааниси; пропаганда ж. б. Азыркы мезгилде жашап жатышкан Кыргыз Республикасынын граждандарынын М. өтө ар түрдүү. Баалуулук жана идеологиялык ориентирдин кескин түрдө бузулушу калктын бардык катмарларын бушайман кылууда. Буга «өнүккөн социализм» жөнүндөгү, «советтик демократиянын артыкчылыктары» жөнүндөгү жана башка калган ураандардын жана постулаттардын кыйрашы себеп болду. Кыргызстанда буга чейин үстөмдүк кылган коммунисттик идеологиялык система саясий менталитеттин теориялык негизи катары өз күчүн жоготуп, граждандардын сезимине, иштерине, саясий көз карашынын калыптанышына таасир этпейт, демократиялык өзгөрүүлөр менен бирге келген плюрализм Кыргызстандын калкынын менталитетине мүнөздүү белгилеринен болуп калды. Калктын басымдуу көпчүлүгүнөн жашоосунун начарлашы, жумушсуздуктун күчөшү, азыркы мезгилдеги дагы көптөгөн кыйынчылыктар, кылмыштуулуктун күчөшү, бийлик өкүлдөрүнүн адилетсиз кылык-жоруктары, кошоматчылык, паракорчулук, ж. б. элдердин бийликке карата нааразылычылыгын туудуруп, эртеңки күндөгү жакшы жашоого ишенимин жоготууда. Ушундай шартта бүгүнкү күндүн оор суроосуна жооп издеп кыргыздар улуттук акыл-ойдун түпкүрүнө, башатына кайрылышууда жана бул тенденция улам күчөөдө. Кыргыздардын менталитетне мүнөздүү нерсе, кыргыздын салт санаасына терең кирип калган көрүнүш – бул мыйзамды сыйлабоо, аткарбоо жана анын ордуна күчтүү саясий лидерден үмүт кылуу. Мыйзамдын бийлигине таянып, аны колдоонун ордуна, кыргыздар, адамдын бийлигине баш уруп, андан коркуп, кошомат кылып, ал эми бийликке келгендерди элди коркутуп-үркүтүп, «жеп-ичип» көнүп алышкан чыныгы демократиялык принциптерге, укуктук мамлекеттин шарттарына ыңгайлашып, аларды кабыл алууга караганда, уруулук мамилелери күчтүү сакталган кыргыздар үчүн социализмге өтүү алда канча жеңил болгон. Коллективдүү менчиктин жана тота-литардык саясий режимдин шартында пайда болгон «балапандай оозун ачып» мамиле жасоо көнүмүшү жаңы кыргыз менталитетнин калыптанышына тоскоолдук кылууда. Буга кошумча, кыргыздарды коомдогу ар кандай өзгөрүүлөргө ийкемдүү жана тез ыңгайлашуу жана ошону менен бирге өзүнүн кылымдар бою сактап келе жаткан өзгөчөлүгүн, руханий жан-дүйнөсүн, бийлик жүргүзүү салтын сактап калуу концепциясы иштелип чыккан эмес. Демократия – эл менен бийликтин ортосундагы ынтымак үчүн, бийлик ал үчүн иштөөсүн камсыз кылуу үчүн керек институт. Анын ар кайсы өлкөлөрдө көптөгөн формалары, түрлөрү бар. Кыргыздардын менталитетне ылайык кыргыздар башка элдерден айырмаланып тургандай эле, башка демократтардан айырмалуу, анын өзгөчө түрү керек. Саясий менталитеттин калыптанышы үчүн элдин саясатка кеңири тартылышы зарыл. Саясатка тартылганда гана эл саясий билимди алат, жүрүм-турум ыкмаларын, саясаттын нормаларын үйрөнөт, баалуулуктар, көз караштар калыптанат. Ушул мааниде алганда шайлоолордун, референдумдардын ж. б. саясий агитациялардын ролу чоң. Кыргызстандын калкынын менталитетне мүнөздүү терс көрүнүштөрдүн катарына демилгечилик жана чечкиндүүлүктүн жоктугу, өзүнүн ден-соолугуна карата кайдигерлик мамиле, трайбализм, улуттарга жана региондорго бөлүнүүчүлүк кирет. Акыркы мезгилдерде, өзгөчө кыргыз жаштарынын аракечтикке берилөөсү өтө зор тынчсыздандырууну туудурат. Кыргыз М-не мүнөздүү болгон чыдам-кайлык жана баш ийүүчүлүк тереңдеп бара жаткан саясий экономикалык кризистен жана бийликтен чектелбеген «өзү баштыгынан» улам бузулушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9