Монгол таануу

Википедия дан

Монгол таануу - монгол элдеринин тарыхын, экономикасын, архитектурасын, этнографиясын, тилин жана адабияттын изилдөөчү илимдер тармагынын комплекси.

Монгол таануунун өнүгүшүнө мон­гол (13—17-к.), ошондой эле кытай, фарс, араб, армян, грузин авторлорунун жана орус жыл баянчыларынын чыгармалары, кытай династиялык хроникалары 13-кылымда Монголияга барган элчилер менен саякатчылардын мемуарлары негиз болгон.

18-кылымда Европада монголдор тууралуу биринчи ил. маалыматты франц. миссионериологдор (Ж. Б. Дюгальд, Ж. Майя ж. б.) жазган. Чектештикке жана небактан берки орус-монгол катнаштыгына байланыштуу Россия 19-кылымда Монгол таанууну дүйнөлүк борборуна айланткан.

19-кылымдын башыида И. Я. Шмидт жазган монгол грамматикасы Россия менен Батыш Европа да монгол филологиясынын негизин түзгөн. 19-кылымда швед окумуштуусу А. д’Оссон Монголияниын тарыхы жөнүндө эмгегинде Рашид- аддип («Жыл баян жыйнагы») менен Жувейндин чыгармаларын ж. б-ларды Батыш Европада биринчи болуп пайдаланган. Монголиянын тарыхы социалдык-экон. аспектте биринчи жолу В. В. Бартольддун эмгектеринде баяндалган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.