Муратов Эркин

Википедия дан

Эркин Муратов (1908-1977) - Кыргызстандын совет эл чарбасынын жооптуу кызматчысы, коомдук ишмер.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1908-жылы Кыргызстандын азыркы Лейлек районуна караштуу аймагында, кедей-дыйкан үй-бүлөсүндө туулган. 11-12 жашында ата-энесин, бир туугандарын басмачылар кырып кеткен соң Кызыл Армиянын Орто Азиядагы 15-кавалериялык полку өз тарбиясына алат.
1926-жылга чейин Фергана өрөөнүндөгү балдар үйлөрүндө тарбияланган.
1926-31-жылдары Ташкент шаарындагы Орто Азиялык В.И.Ленин атындагы аскер окуу жайында окуп, аны ийгиликтүү аяктаган соң
1931-34-жылдары Кызыл Армиянын катарында кызмат кылат.

Өмүр жолу жалан күрөштөн, эмгектен турган Э.М.Муратов 1939-жылдан КПССтин мүчөсү.
1936-39-жылдары Ташкент шаарындагы И.В.Сталин атындагы өнөр жай академиясында окуусун улантып жаткан учурда партия тарабындан Кыргызстанга кызматка которулуп, республикадагы эл чарбасын негиздөөчүүлөрдүн уюштуруучуларынан болгон. Атап айтканда, 1931-41-жылдары Кыргызстандын женил өнөр жай наркомунун орун басары,
1941-43-жылдары Кыргызстандын автомобиль, транспорт, шоссе жолдору боюнча эл комиссары,
1943-44-жылдары республиканын Коммуналдык чарбасынын эл комиссары болуп иштеген.
1945-жылы Э.Муратов республикалык Кыркооппинсоюздун президиумунун төрагалыгына шайланган.
1955-жылы Эл депутаттарынын Фрунзе шаарындагы Свердлов райондук кеңешине депутат болуп шайланган.

Ал республиканын ар кандай эл чарба тармагында жооптуу кызматтарда иштеп жаткан мезгилде өзүнө тапшырылган кайсы тармакты жетектебесин өзүнун билимин жана көп жылдык тажрыйбасын турмушта билгичтик менен колдоно билип, республикабыздын экономикасын өсүшүнө өз салымын кошкон, персоналдык пенсияга чыккандан кийин да профсоюздун тармагында үзүрлүү эмгектенип келген.

Эркин Муратов 1977-жылы Бишкек шаарында каза болгон.
Өмүр жолдошу Разия Муратова, уулу Акылбек Муратов (1953-жылы туулган) жана кыздары Бишкек шаарында жашайт. Бардыгы жогорку билимдүү, ата жолун улантып кыргыз элине кызмат кылууда.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын түштүк аймактарда, Фергана өрөөнүндө, Түркмөнстандын Кара-Кумунда ак интервенттер менен күрөштө эрдиги, жеңиштери үчүн бул региондо биринчилерден болуп Совет өкмөтү тарабынан 16-жашында күжүрмөн ”Кызыл Жылдыз” ордени менен сыйланат. Ошондой эле Орто Азияда биринчилерден болуп “СССРдин ардактуу чекисти” деген наамга татыктуу болгон.
Э.Муратовтун ак ниет жана үзүрлүү эмгеги өз учурунда жогору бааланып, күжүрмөн “Кызыл Жылдыз”, “Ардак белгиси” ордендерине, көптөгөн медалдарга, Ардак грамоталарга ээ болгон.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Г.Мадаминов. Лейлек жана лейлектиктер тарыхы. Бишкек, 1998-ж.