Насыбай

Википедия дан
Насыбай сатуудагы көрүнүшү

Насыбай же Насывай (ошондой эле наспай, насвай, нас, нац, нос, айс ж.б аталыштары бар; Пушту نسوار; хинди नसवार), (ناس; на́с) же (نسوای; насвай) — Тамеки өсүмдүгүнөн жасалган, тамеки кошулмаларынын түтүнсүз колдонулган бир түрү, аны Орто Азия Өлкөлөрүндө, Тажикстан, Түркмөнстан, Ооганстан , Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүндө кеңири колдонулат, ошондой эле, Иранда, Пакистанда, Индияда, Орусияда, Казакстандын түштүгү жана Кытайдын батышында да колдонулуп келет.

Учурда Түркмөнстанда насыбайды жасоого жана сатууга тыюу салынган. Насыбай тамеки өсүмдүгүнөн жасалгандыктан, организмдин никотинден көз каранды болуусуна алып келет. Ошондой эле аны чегүү тиш, ичеги-ашказан оорулары жана ооз көңдөйүнүн рагына алып келиши мүмкүн.

Курамы жана даярдалышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Насыбай
  1. Наcыбай жасалчу тамеки кадимки тамекиден жапыз өсөт. Алгач парникте көчөтү өстүрүлүп, кийин талаага тигилип, 100 күндүн ичинде бышат.
  2. Бышкандан кийин жалбырактары үзүлүп үйгө алынып келинип, көлөкө жерде кургатылат. Күнгө кургатса саргайып кетет. Андан соң кургатылган жалбырактар тегирменде ундай болуп тартылат.
  3. Насыбай жасоодо тамеки жалбырагынан тышкары жыгач отундун күлү, тоодо өскөн үлкөн (эл арасында ширеч деп да айтылат) чөптүн тамыры, суу, акиташ кошулат

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]