Нейро-Гуморалдык башкаруу

Википедия дан

Нейро-Гуморалдык башкаруу - адам жана айбанаттардын организминдеги физиол. процесстерди нерв система жанa гуморалдык факторлордун (кан, лимфа жанa ткандагы суюктуктардагы биол. активдүү заттар — гормондор, медиатор ж. б.) таасири аркылуу жөнгө салуу.

Организмдин ички чөйрөсүнүн касиети менен составынын туруктуулугун сактоодо (гомеос­таз) жанa тиричиликтин өзгөрүлүп туруучу шартына көнүүдө Нейро-Гуморалдык башкаруунун ролу чоң. Нерв жанa гуморалдык процесстер бири бири менен тыгыз байланышта. Мис., С02 дем алуу борборун дүүлүктүргөндө, нерв импульсу синапстарда медиаторлорду (ацетилхолин, норадреналин ж. б.) чыгарат. Алар канга өтүп, ар кайсы функ­цияларды гормондор менен бирдикте башкарат. Биол. активдүү заттардын пайда болушу жанa алардын таасири шарттуу рефлекс аркылуу ишке ашат.

Нейро-Гуморалдык башкарууга мээ кыртышы да катышат деп эсептелет. Мис., адаптациялык синдромдо күчтүү дүүлүктүргүчторгө организм жооп кайтарып, стресс пай­да болот. Мээ кыртышында болгон козго.туу аралык мээде орношкон гипоталамуска өтөт. Андагы клеткалардан норадреналин чыгып, ретикул формациясынын элементтери менен козголуу симпат. нерв системасынын борб. жанa четки бөлүктөрүнө таасир этип, бөйрок үстүндөгү бездердин адреналинди чыгаруусун күчөтөт. Бул кан менен гипоталамуска жетип, андан гипофизде адренокортикотроп гормонун (АКТГ) синтездейт. АКТГ канга өтүп, бөйрөктүн үстүндөгу без­дердин кыртышында кортикостероид гормондорун пайда кылып, алар организмдеги нейрогуморалдуу уланма реакцияларын туудурат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.