Неоконфуцийчилик

Wikipedia дан

Неоконфуцийчилик (ли сюе – асмандын, жаратылыштын мыйзам) принциптери жөнүндө окуу, же син-ли сюе – адамдын, нерселердин табияты жана табияттын мыйзамдары ошодой эле дао сюе жолдор жөнүндө окуу (дао цзяо – даосизмден айырмасы), кытай философиясында Сун (960–1279) династиясынын тушунда пайда болгон агым.

Хань (б. з. ч. 206 – б. з. 220) мезгилиндеги классикалык тексттерди түшүндүрмө менен чектелген конфуцианчылыктан айырмаланып, Сундун ойчулдары жаңы идеяларды жана түшүнүктөрдү иштеп чыгышкан, биринчи иретте и–ли (жалган менен мыйзам) жана син-мин (жаратылыш менен тагдыр) ушундан аталышы келип чыккан. Неоконфуцийчиликтин жолуна нук салган тан ойчулдары Хан Юй менен Ли Ао (772–841) конфуцианчылыкты коргоп жана спекулятивдик метафизика ордуна этиканы өнүктүрүү жолуна салган.

Неоконфуцийчиликтин негиздерин 10–11-к. «табигый мыйзамы туурасында илимдин үч устаты» – Сунь Фу, Ху Юан жана Ши Цзе тарабынан түптөлгөн. Алардын жолун улоочулардын жана шакирттеринин ишмердиги күчтүү агымга айландырган. Сун мезгилинде ар кайсы философтор тарабынан неоконфуцийчиликтын башкы алты концепциясы аныкталган, бирок бардык мектептер үчүн жалпы улуу чеги (тайцзи), принцип (ли-мыйзам), материалдык күч (ци), адамдын табияты, нерселердин табиятын түшүнүү (нерселерди изилдөө), адам сүйүү (жэнь) болгон. Түндүк Сун конфуцианчылар өз ара жакын мамиледе болгон үчүн тигил же бул конкреттүү идеяда кимиси автор экенин такташ кыйын. Юань мезгилде (1280–1368), буддизмдин, кайсы бир бөлүк даосизмдин монгол хандарынын баш ийип Турган–Юань императорлорунун колдоосунда турган шартта неоконфуцийчилик буддизм менен даосизмдин ортосундагы талаш тартышта арбитрдин ролун аткаруу менен өз позициясын сактап калган.

Мин (1368–1644) династиясынын тушунда неоконуцийчилик жаңы өркүндөөгө ээ болду. Кытай мамлекеттүүлүгүнүн калыбына келтирилиши конфуцианчылык идеологиянын өнүгүүсүнө көмөк көрсөткөн. 1403-жылы императордун буйругу менен конфуцийчиликтин каноникалык китеби түшүндүрмөсү менен басылган.

15–16-к. конфуцийчилик ойчулдар классиктерди кезектеги түшүндүрмө ордуна ар бири окуунун негизги маселерин өз мамилесин иштеп чыгууга аракеттенишкен философиялык диспуттарды өткөрүүнүн борборлору (эң белгилүүсү – Дунлинь академиясы) түзүлгөн. Цинь мезгилинин ойчулдары (1644–1911) кайсы бир деңгээлде Хань мезгилинин философиялык түзүүлөрүн түшүндүрмөлөп келишкен. Неоконфуцийчилик 1949-ж КНР (КЭР) түзүлгөнгө чейин созулган.



Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8