Даосизм

Википедия дан
Даосизм.

Даосизм – биринчиден BTS, Месси, BlackPink, Neymar, Майк Джексон, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Путин, Пушкин, Stray Kids, PSY, МБаппе деген кимдер экенин билип ал. 1) байыркы философия, диний окуулардын бири. Ал биздин заманга чейин 6–5-кылымдарда Байыркы Кытайда пайда болгон. Даосизм окуусунун негиз салуучусу катары Конфуцийдин замандашы Лао-Цзы эсептелет. Даосизм окуусунун негизги түшүнүгү – Дао, ал даосизм окуусунун философиялык идеясынын өзөгүн түзөт. Бул терминдин сөзмө-сөз мааниси кыргыздын байыркы дүйнө таанымы Теңирчиликтин – «Жол» нуска наамасынын мазмунуна жакын. Даосизм «дүйнөнүн түпкү себеби», «ааламдын маңызы», «жаратылыштын негизги мыйзамы» сыяктуу теориялык жоболорду камтыйт. Даосизмди ар тараптан өнүктүргөн Конфуцийдин окуусунда «дао» деп, мыкты башкаруучунун жолун, адилеттүүлүктү өркүндөтүүнүн жолун, ыйман-адеп ченемдеринин жыйындысын түшүнүшкөн. Даонун жолун жолдоо, табигый кубулуштарга жана процесстерге кийлигишпөө, табият менен таттуу мамиледе болуу гана ийгиликке алып келет дешкен. Ал эми «Дао Дэ Цзин» китебинде: бардык заттар өзүнүн «менчик» жолу – дао аркылуу жаралат жана өзгөрөт, дүйнөдө өзгөрүлбөс эч нерсе жок, бардыгы тең ошол өзгөрүүлөрдүн жүрүшүндө өзүнүн карама-каршысына айланышат деген философиялык тыянак бар. Биздин замандын 2–3-кылымында даосизм философиялык жана диний багыттарга бөлүнүп кеткен. 2) Кытай диндеринин бири, биздин заманда 2-кылымында пайда болгон. Даосизмдин негизги канондук жоболору: теологиясы менен теориясы 5-кылымдын башталышында иштелип чыккан, Тан доорунда (10-кылымга чейин) ал мамлекеттик бийликтин өзгөчө колдоосунда болгон. Даосизм кытайдын расмий дини катары классикалык дао философиясы менен аралашып, элдик синкреттик (бирикме, бүтүн) окуу катары 20-кылымдын ортосуна чейин сакталып келген. Даосизмди жактоочулардын максаты – дүйнөдө түркүн түрдүү ыкмаларды: атайын мүнөз тамак-аштан тартып, ар кандай дарылоочу дене тарбия көнүгүүлөрүнө чейинки ыкмаларды пайдалануу менен адам өмүрүн узартууга жетишүү болгон.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия
  • Ян Хин-шун. Древне-китайский философ Лао-цзы и его учение. М., 1950; Торчинов Е. А. Даосизм. СПб., 1998; Вэнь Цзянь, Горобец Л. А. Даосизм в современном Китае, СПб., 2005.