Конфуций

Википедия дан
Конфуций

Куңзы(Кун Фу-Зы)
Толук аты-жөнү Кун Фу-Зы
Англис тилинде лат.Confucius
Төрөлгөн Болжол менен 28.9.551
Цюйфу
Көз жумган 479
Цюйфу
Кызыккан темалар

социалдык философия,

этика
Олуттуу идеялары Конфуцийчилик


Конфуций (кытайлык кырг. Куңзы, кыт. 孔子 Кун-Зы, жай кыт. 孔夫子 Кун Фу-Зы, лат. Confucius) - Кун фу зы (б.з.ч.551-479)- байыркы Kытай ойчулу, кытай философиясында конфуцийчилик багытына негиз салган.

Куңзы тектүү, бирок кедейленип калган үй бүлөдө туулган. Өмүрүнүн көбүн Лу падышалыганда өткөргөн. Жаш кезинде чиновник болгон, кийин Кытайда биринчи жолу өзүнчө мектеп ачкан. Анда Куңзынын санат сөздөрү , аңгемелери окутулган, жакын шакирттери топтолгон.

Куңзыди ар түрдүү эмгектердин ("Өзгөрүштөрдүн китеби", "Ырлар китеби") автору деп эсептешет, бирок анын көз караштарынын бир кыйла тагыраак булагы - "Аңгемелер жана ой жүгүртүүлөр" (Лунь Юй) деген эмгеги болуп саналат, мында Куңзынын жана анын шакирттеринин санат сөздөрү жазылган.

Куңзыдин философиялык системасынын борборунда адеп-ахлак жана тарбия маселелери турат. Куңзыдин окуусундагы башкы жобо- жень (гумандуулук).
Жень - адамдардын социалдык жана этикалык өз ара мамилелерин аныктай турган мыйзам. Бул мыйзамды Куңзы мындайча аныктамалайт: "Өзүнө эмнени каалабасаң, аны башкаларга жасаба". Ошондой эле анын философиясында ли түшүнугү чоң роль ойнойт, бул түшүнүк коомдук жашоо- турмуш нормалары дегенди билдирет жана жэнь этикалык мыйзамынын практикалык ишке ашырылышын көрсөтөт.
Ли түшүнүгү коомдун бүткүл социалдык турмушун өзүнө камтыйт, бирок бул түшүнүктүн таасир-аракети адамдардын социалдык абалына байланыштуу ар түрдүү келет.

Куңзыдин системасында башка этикалык категориялар да орун алган: и - парыз, адилеттүүлүк сезими, синь - берилгендик, ак ниеттүүлүк. Куңзыдин этикалык концепциясынын бардык категориялары нормативдүү инсанды мүнөздөө үчүн кызмат кылат, бул инсан эң жогорку моралдык сапаттарга ээ жана эң бийик социалдык абалды ээлейт. Мындай инсанды ал "асылзаада адам" деп атаган. "Асылзаада адамга", Куңзыдин пикири боюнча, өзүнүн жеке керт башынын мүдөөсүнө жетеленген жана төмөнкү социалдык абалды ээлеген "кичиникей адам" карама каршы турат. Ошол эле убакта Куңзы жаратылышы боюнча бардык адамдар бирдей, бирок алар көнүмүш адат-жоруктарынан айырмаланышат. Мына ошондуктан өзүн өзү өркүндөтүү үчүн адам өз кемчиликтерин женип чыгып, изги жүрүш-турушка келиши керек.

Куңзыдин айткандарында мамлекеттик бийлик көйгөйү чоң орунду ээлейт. Анын пикири боюнча башкаруучулар элдин ишенемине ээ болууга жана аны өзүлөрүнүн жеке жүрүш-турушу менен тарбиялоого тийиш, анткени мамлекетти башкаруу ишке ашырылып жаткан формалар адамдардын жана жалпы эле коомдун адеп-ахлагына таасир берет.

Куңзыдин саясий программасы коомдун бардык мүчөлөрүнүн тийиштүү милдеттерин аныктоо менен чектелет. Ар бир адам коомдогу өзүнүн ордун билиши керек: "Падыша-падыша, букара-букара, ата-ата, уул-уул болууга тийиш".Куңзы бардык чачыранды аймактарды бирдиктүү бир мамлекетке бириктирүүнү жактаган.

Конфуцийчиликтин идеялары Кытайдын тарыхында андан ары өнүктүрүлүп, кийин ал мамлекеттик дин катарында таанылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8