Окуу-усулдук колдонмо

Википедия дан

Окуу -усулдук колдонмоилимдин кайсы бир тармагы боюнча окуучулардан теориялык түшүнүктөрүн жана ал боюнча пратикалык машыгууларын бекемдөөдө мугалимге илимий-методикалык жактан таяныч болуучу эң биринчи окуу куралы. Окуу усулдук колдонмо кайсы бир окуу китеби боюнча окуу комплексине карата да жазылат. Анын структурасы төмөндөгүдөй компонентерден турат: окуу китепке же окуу комплексине жалпы мүнөздөмө; окуу материалдарынын чейректерге болжолдуу бөлүштүрүлүшү, тематикалык пландар, сунуштар; программалык материалдардын негизги багыттары, башкы идеялар, эрежелер талдоого алынып, урунтуу учурлар боюнча окуучулардын теориялык түшүнүктөрүн, практикалык машыгууларын тереңдетүү боюнча методдор, методикалык ыкмалар, сунуштар; окуучуларга жаңы түшүнүктөрдү берүү, жаңы алган билимин бышыктоо, аларды кайталоо, жалпылоо, тереңдетүү сабактарынын типтүү үлгүлөрү; айрым чоң-чоң бөлүктөр боюнча окуучуларга кошумча маалыматтар берилүү менен, алардын түшүнүктөрүн, билим, билгичтиктерин, машыккандыктарынын конкреттештирүүнүн жолдору; Андан соң ар бир сабакты натыйжалуу жүргүзүүнүн жаңы технологиялары, уюштуруу формалары, ар бир сабактын этаптары боюнча үлгү сунуштар жана башкалар Бирок бул сабактардын үлгүлөрү мугалимге таңууланбай таяныч гана материал болуусу, ар бир тажрыйбалуу мугалим аны чыгармачылык менен өркүндөтүп колдонуусу абзел.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004