Ооздун жыты

Википедия дан

Ооздун жытбүйлө, тиш, кул кун, мурун кобулдарынын, кызыл өңгөч, карын, өпкө ооруларында ооздон чыккан жагымсыз жыт. Кээ бир учурларда кант диабетинин (Кант диабети[1]), бөйрөктүн сезгенишинин (к. Нефрит) же ички органдардын башка ооруларынын, айрыкча ичеги карын ооруларынын белгиси болушу мүмкүн.

Оздун жытынын себебин аныктоо жана дарылоо үчүн тиш врачка (стоматологго) кайрылып ооздун ичин дарылоо, андан кийин башка адистерден консультация алуу керек. Тиш эликсирлери жана лосьон менен чайкоо ооздон чыккан жытты убактылуу басат. Оозду чайкоо үчүн бир стакан сууга 20 тамчы эликсир кошулат. Оздун жытынын алдын алуу үчүн оозду тамак ичкенден кийин чайкап, тишти, тиш протездерин күтө билүү керек. Ооз көңдөйүн өз убагында дарылоо; ичеги-карыны оорулуулар врачтын көрсөтмөсүн так аткаруусу зарыл.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кант диабети