Ордобаев, Абдылда

Википедия дан

Ордобаев Абдылда (1911, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ак-Бото айылы — 10.6. 1994, Бишкек) — Эл депутаттарынын Тянь-Шань облустук кеңешинин төрагасы (1943—45).
1937-жылдан КПСС мүчөсү. 1931—38-ж. Алай-Гүлчө, Кочкор, Кант райондорунда, Республиканын жер иштери боюнча эл комиссариатында жооптуу кызматтарда иштеген.
1938-ж. Кыргыз Республикасынын юстиция боюнча эл комиссарынын орун басары. Москвадагы Укук академиясынын алдындагы жогорку курстарды бүткөндөн кийин, 1941-ж. Кыргыз ССР Жогорку сотунун төрагасы, 1942—43-ж. Кыргызстан КП БКнын катчысы.
1948-жылдан Юстиция министринин орун басары, 1953-жылдан Кыргыз ССР Жогорку сотунун төрагасы.
1961—70-ж. Республикалык сот экспертиза илимий изилдөө лабораториясынын директору болуп иштеген.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 жолку депутаты (1938—47; 1959—63). Медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.