Оңко коюу

Wikipedia дан
Оңко коюу

Оңко коюу негизинен дем алуу органдарынын (бронх, өпкө, плевра) сезгенүү процесстеринде, ошондой эле миозит, невралгия, неврит жана башкаларда колдонулат. Анын таасиринен кан жана лимфа айлануу күчөп, ткандардын азыктануусу жакшырат, организмдин ооруга туруктуулугу күчөйт, сезгенүү процесстери тез тарайт. Оңкону врачтын сунушу менен гана коюу керек. Өпкөдөн кан чыкса, кургак учук, шишик жана башкалар бир катар ооруларда оңко коюуга болбойт. Сезгенген жерге жараша оңкону көкүрөккө (жүрөктүн тушуна койбойт), аркага (далы астына жана далынын ортосуна), белге койсо болот. Металл таякчага же пинцетке кебезди ороп, аны спиртке же атырга малып (көп малынса аны силкип коюу керек, себеби күйгөн тамчылар териге түшүп кетпес үчүн) күйгүзүп, 1—2 секундага банканын ичине киргизип, бат чыгарып, банканы дароо териге жабыштыра коюу зарыл. Күйүп жаткан кебезди банканын четине тийгизбөө керек, себеби ысып кетип терини күйгүзүшү мүмкүн. Терини күйгүзбөө, банканын астына аба кирбесин үчүн оңко коёрдон мурда вазелин сыйпайт. Оңкону 15—20 минутага коюп, оорулууну жылуулап жабуу керек. Аны оорутпай чыгарып алуу үчүн банканын четинен терини бир колдун манжалары менен басып, экинчи колу менен акырын алуу зарыл. Андан кийин ал жер таза сүлгү менен акырын сүртүлөт.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8