Полиомиелит

Википедия дан
Полиомиелит оорусунун вирусунун электрондук микросүрөтү

Полиомиелит (байыркы грек тилинен πολιός — боз и µυελός — жүлүн) — көбүнчө балдардын катуу кармаган жугуштуу оорусу.

Оору түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нерв системасы жабыркап, көбүнчө шал болот. Анын шал кылбоочу (жеңил) түрү да бар. Ал байыркы мезгилден бери эле белгилүү болуп, кеңири таралган. Полиомиелит вирусун жасалма жол менен өстүрүп көбөйтүү жана андан вакцина жасоо — балдарды массалык түрдө эмдөөгө мүмкүнчүлүк берди. Мунун негизинде аны кыска мөөнөттүн ичинде азайтууга, айрым өлкөлөрдө жок кылууга мүмкүн болду. Полиомиелит азыркы мезгилде биздин өлкөдө өтө сейрек учуроочу жана жеңил өтүүчү дарт болуп калды.

Вирустары тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аны вирустар козгойт. Козгогуч төмөнкү температурага өтө туруктуу. Тоңдурулган түрдө вирус бир топ жылдап, сууда жана тамак азыктарында бир нече жумага чейин сакталат. Ошону менен катар ультракызгылткөк нурлардын таасирине, жогорку температурага туруксуз. Ал хлорлуу акиташтын эритмеси, суутек өтө кычкылы, марганцовкага өтө сезгич келет. Ооруну оорулуу киши жана вирус алып жүрүүчү жугузат. Вирус дени соо кишиге ичеги-карын жолдору (ооз) аркылуу козгогуч менен булганган тамак-азыктарды, жашылча-жемишти, чийки сүттү, кайнатылбаган сууну ичкенде жугат. Айрым учурларда оорунун алгачкы 3—5 күнүндө вирус алкым былжыр челинде да болушу мүмкүн.

Оорунун жүрүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыркоологон киши сүйлөгөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө шилекейи менен сыртка бөлүнүп, абаны булгайт. Козгогуч дени соо кишинин организмине ошол булганган аба менен дем алганда жугушу мүмкүн. Ошондой эле булганган үй тиричилик буюмдары (оюнчук, идиш-аяк жана башкалар) менен да жугат. Оору капысынан катуу кармайт. Дене ысыйт (38—39°ка чейин). Сыркоологон киши жөтөлүп, чүчкүрүп, тамагы ооруйт, айрым учурда ичи өтөт. Оорунун мындай белгилери 4—5 күндөн кийин басаңдайт, бирок бир жумадан кийин дене кайрадан ысып, буттун булчуңдары ооруп, кыймыл начарлап, шал болот. Бул оорудан кийин ооруган буттун же колдун кыймылы толук күчкө келбей, дененин соо жагына караганда начар өсүп, шал болот. Дарылоо комплекстүү жүргүзүлүп, массаж, дарылоо физкультурасы, атайын ортопедиялык аппараттар колдонулат. Ошондой эле санаторий- курорттук дарылануу сунуш кылынат. Оорунун жеңил түрүндө узакка созулган талыкпаган дарылоонун натыйжасында шал болгон кол, буттун иштөөсү жакшырып, калыбына келиши мүмкүн. Полиомиелиттин шал кылбаган формасы жеңил түрдө, сасык тумоо же ич өткөк оорусу сыяктуу өтөт. Ооруну ооруканада гана дарылоо керек. Оорулуу кишини төшөккө тынч жаткыруу зарыл. Оорулуу жаткан бөлмөдө же ооруканада дезинфекция жасалат. Алдын алууда ооруга каршы эмдөө жүргүзүлөт.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмчектеги балдардан баштап 16—17 жашка чейинки балдар эмделет. Бул ооруга каршы эмдетүү сөзсүз белгиленген мөөнөттө жана көрсөтүлгөн жашта жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондой эле колду тамак ичээрдин астында жана дааратканадан кийин таза жууп, жашылча-жемиштерди жууп пайдалануу, сууну же сүттү кайнатып ичүү, үйдө, айрыкча балдар бакчаларында тазалыкты сактоо чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8