Рибонуклеин кислоталары

Википедия дан
РНК полинуклеотидтин химиялык курамы.

Рибонуклеин кислоталары (рнк) — бардык микроорганизм, өсүмдүк жана жаныбар организминин бөлүнгүс компонентин түзүүчү, табиятта кеңири тараган биополимерлер.

Курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

РНК нуклеин кислоталарынын бири. Курамында рибоза, аденин (A), гуанин (G) (пурин негиздери) жана урацил (U), цитозин (C) (пирамидин негиздери) кирет. Ал генетикалык информацияны бөлүштүрүүгө катышат.

Милдеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

РНКнын клеткадагы милдеттери өтө татаал жана ар түрдүү. Аткарган милдеттерине жараша РНК үч түргө бөлүнөт: рибосомалык (рРНК), ташуучу (тРНК) жана информациялык (иРНК). Рибосомалык РНК белок синтезделген учурда пептид байланышын түзүүгө катышат, тРНК организмде белок биосинтези учурда активдүү аминокислота калдыктарын бириктирип, рибосомага ташыйт, иРНКлар организмде нуклеотиддердин ырааттуу жайгашуусун камсыз кылат. Бул процесстер бузулса белок синтези жана тукум куума процесстер бузулат.

Талассемия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Белок синтезинин бузулушунан пайда болгон оору талассемия деп аталат. Ошондой эле боордун, бөйрөктүн, бездердин кээ бир оорулары да иРНКга байланыштуу болот.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8