Сезгенүү

Wikipedia дан
Себорея

Сезгенүү (лат. inflammatio) — зыяндуу агенттердин таасирине организмдин коргонуу жана ыңгайлануу реакциясы.

Себептери[оңдоо]

Сезгенүү экзогендик (сырткы) жана эндогендик (ички) себептерден пайда болот. Сезгенүү реакциясы бузулуу очогун бүтүндөй организмден бөлүп турат, аны көздөй фагоцитозду ишке ашыруучу кандын ак клеткалары жылат. Ошону менен бирге антитело пайда кылууга жөндөмдүү кандын ак клеткаларынын жана ткандын өзгөчө клеткасынын көбөйүшүнүн натыйжасында жергиликтүү жана жалпы иммунитет күчөйт.

Сырткы белгилери[оңдоо]

Сезгенүүнүн сырткы белгилери: ал жер кызарып, шишийт, ысыйт, сезгенген жер ооруйт, ткандардын функциясы, зат алмашуу бузулат. Сезгенүү экссудаттык альтерация жана пролиферация болуп бөлүнөт. Алгач cезгенүү башталган жерде кан тамыр кыска мөөнөттө тарып, кайра кеңеет да, кандын жүрүшү ылдамдайт (артериялык кызаруу), андан кийин басаңдап, вена кан тамырлары кеңеет (веналык кызаруу).

Экссудаттык альтерация[оңдоо]

Ушунун негизинде кан тамырдан ткандарга плазма (кандын суюк бөлүгү) жана лейкоциттер (экссудат) чыгат. Экссудат сероздук (кан сары суусунан), фибриндик (белогу көп), лейкоциттик (лейкоцити көп), геморрагиялык (эритропиттин саны көп) жана ириңдүү болот. Экссудат дененин көңдөй жерине топтолушу мүмкүн (мисалы, плеврит). Экссудат заттар айланасындагы клеткалардын көбөйүшүнө жана өсүшүнө түрткү берет.

Альтерациялык cезгенүү[оңдоо]

Альтерациялык cезгенүүдө ткандардын тамактануусу жана зат алмашуусу начарлап, алардын структурасы жана функциясы бузулат, дистрофиядан некрозго чейин өзгөрөт. Пролиферацияда клетка элементи көбөйүп ткандар калыңданат. Андан кийин ткандар калыбына келе баштайт. Мында майда тромбдор, өлгөн ткандар тарап кетет. Некроздон жабыркаган жер тырык болуп бүтөт. Сезгенүү ички органдарда болсо, анын көлөмүнө жараша денеде ар кандай коргонуу реакциясы болуп, организмде антитело пайда болот. Ошону менен катар бактерия жана өлүк ткандардын продуктулары тарап, денени уулантышы мүмкүн, анда ысытма болуп, канда лейкоцит көбөйүп, эритроциттин чөгүү реакциясы (РОЭ) жогорулайт. Айрым учурда сезгенген жердеги бактериялар дененин башка жерине метастаз жол менен барып, башка органдарды сезгентиши мүмкүн.

Сезгенүүгө каршы дарылар[оңдоо]

Сезгенүүгө каршы дарылар — сезгенүү реакциясын басаңдатуучу каражаттар.

Бөлүнүшү[оңдоо]

Алар этиологиялык жана патогенездик таасир берүүчү болуп бөлүнөт. Биринчи тобуна антибиотиктер, сульфаниламид дарылары жана башкалар химия терапиялык каражаттар кирет. Булар негизинен белгилүү бир микроорганизмдердин өсүп-өөрчүшүн токтотуп, сезгенүүгө каршы өзгөчө таасир берет. Экинчи тобуна бөйрөк үстүндөгү бездердин гормон препараттары (негизинен глюкокортикоиддер) кирет. Глюкокортикоиддерден кортизон, гидрокортизон, преднизолон жана башкалар белгилүү. Алар сезгенген жердин кан тамырларынын өткөргүчтүгүн азайтат жана сезгенүүнү пайда кылган агентке каршы туташтырма ткандын реакциясын басаңдатат.

Терс таасири[оңдоо]

Аларды көп убакыт колдонсо, табигый гормондордун синтезделиши басаңдайт. Бул дарыларды ичпей токтотуп койсо бөйрөк үстүндөгү бездердин жетишсиздигинин белгилери пайда болот. Ошондуктан, глюкокортикоиддер менен дарылоону врач гана жүргүзөт. Кальций туздары да сезгенүүгө каршы таасир берет. Кээ бир дарылар (куруштуруучу заттар, кан тамырды тарытуучу дарылар, адсорбциялоочу заттар) сезгенүүгө каршы жергиликтүү таасир берет. Алар сыртынан сыйпоочу дары майлар, көзгө, мурунга тамчылатуучу эритмелер түрүндө колдонулат.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8