Сездирүү

Википедия дан

Сездирүү (орус. Сенсибельный) (Сенсибелдүү же сенсибелдик) (лат. sensus – сезим, сезүү) – физикада белгилүү бир нур аркылуу оптикалык спектрдеги жыштыкты нурлантканда, кино, фототасмалардын, фотографикалык пластинкалардын сезгичтигинин жогорулашы.

Сездирүү оптикалык жана химиялык болуп экиге бөлүнөт. Оптикалык Сезгичтик реакцияга түздөн-түз кирбеген, бирок өз кубатын күмүш галогениддерине берүү менен, алардын сезгичтигин жогорулатуучу сездиргич затты кошуунун натыйжасында пайда болот. Химиялык Сезгичтик атайын кошундулар менен жарык сезгич заттардын химиялык өз ара аракеттенишинин натыйжасында, күмүш галогениддеринин кристалл торчолорунун бетинин бузулган жеринде аусорбция (жутуп алуу, бөлүп алуу) процессин пайда кылуу аркылуу алынат

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]