Симпликий

Википедия дан

Симпликий Киликиялык(Философ) – 6-кылымдын биринчи жарымындагы байыркы грек философу.

Жаңы Платондук окуунун жактоочусу, Аристотелди чечмелеген. Александрия менен Афиныда окуп, спекулятивдик – метафизикалык афина мектебинин окуусун александриялык сциентизм менен айкалыштырган, христианчылыкка каршы чыккан. Афиныда философияны окутууга тыюу салынып, Платондук Академия жабылган соң, Персияга кетип (Хосровдун бийлиги учурунда), 533-ж. Византияга кайтып келген. Аристотель менен Платондун көз караштарын айкалыштырууга болот, ар кандай карама-каршылык сөз жүзүндө гана, алардын айырмасы аз деп эсептеген.

Бирок анын көз карашынын илимий негизсиздиги Аристотелди эң мыкты чечмелөөсүнө тоскоол болгон эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]