Спирохетоздор

Википедия дан
Borrelia burgdorferi.

Спирохетоздор — адам жана жаныбарлардын спирохеталар пайда кылган жугуштуу оорулары. Спирохеталар узун же кыска спираль түрүндө болот. 60° ысытуудан, дезинфекциялоодон айрым дарылардан тез өлөт. Спирохетоздор бардык жерде кеңири таралган. Ичеги Спирохетоздорун (лептоспироздор), кене жана бит менен таралуучу кан Спирохетоздорун (кайталанма келте), жыныс жолу менен таралган Спирохетоздорду (котон жара) дарылоодо химия терапиялык каражаттар жана антибиотиктер колдонулат. Дарылоо жана алдын алуу оорунун түрүнө жараша жүргүзүлөт. Кенелерди жоготуу талапка ылайык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8