Сталбек Артыкбаев

Википедия дан

Артыкбаев Сталбек – котормочу. Панфилов районундагы Орто-Арык айылында 1940-жылы 17-январда туулган.

1955–1957-жж. устачылык окуу жайында окуган. Бул кесип боюнча 1957–1960-жж. Казакстанда, Фрунзе шаарында иштеген. 1965-жылы КМУнун журналистика факультетин бүтүргөндөн кийин орус тилиндеги «Сельская новь» райондук гезитинде жана республикалык «Кыргызстан пионери», «Кыргызстан маданияты» гезиттеринде иштеген. Республиканын Мамбаском системасында, басмаларда көркөм котормо адабияттарынын редакциясынын башчысы болуп көп жылдар бою эмгектенген. 1990–2001-жж. Өкмөттө, андан кийин Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясында котормочу болуп иштеген.

1988-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун жана Кыргызстан Журналисттер союзунун мүчөсү.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Панфилова В. Менин атам. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 100 б.

Цеткин Клара. Лениндин бүткүл дүйнөнүн аялдарына кайрылуусу. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 70 б.

Быков Василь. Таңга жетсе…: Повесттер. – Ф.: Мектеп, 1978. – 292 б.

Бережков В.М. Дипломаттык кызмат жылдары. – Ф., 1981. – 280 б.

Караславов В. Таң шооласы: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 416 б.

Жирков А.В. М.В. Фрунзенин Кыргызстан жана Түркестан жергеси менен байланыштары. – Ф.: Билим коому, 1985. – 14 б.

Ардаматский В.И. Акыркы жыл: Роман-хроника. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 584 б.

Ахтанов Т. Жоголгон дос. К-пте: Казак жазуучуларынын аңгемелери. - Ф.: Кыргызстан, 1988, – 25 б.

Гримайло Я. Улуу саякатчы: Роман. (Которгондор: С.Артыкбаев, Т.Болчуров, Т.Элеманов). – Ф.: Адабият, 1989. – 384 б.

Ислам сабактары. – Б.: Шам, 1995. – 44 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]