Сыма Цян

Wikipedia дан

Сыма Цян (орусча - Сыма Цянь) - б.з.ч. 145 же б.з.ч. 135-жылы туулган, б.з.ч. 86-жылы өлгөн кытайлык тарыхчы. Аны "кытай тарыхынын атасы" деп да аташат.

"Ши-цзи" ("Тарыхый жазмалар") эмгегинин автору.

Ханчэн аймагында (азыркы Шэнси вилайетинде) Лунмын деген жерде туулган.

Сыма Цян өз эмгегинде хундар (хуннулар) б.з.ч. 201-жылы жүргүзгөн согуштар тууралуу баяндап келип, байыркы кыргыздар тууралуу да эскерте кетет.


"Ши-цзи" чыгармасындагы жана башка кытайлык тарыхый булактардагы түрк жана кытай элдерине тийешелүү олуттуу тарыхый маалыматтарды орусиялык чуваш тарыхчысы Иакинф Бичурин 19-кылымдын биринчи жарымында кытайчадан (ханзу) орус тилине которгон.


Пайдаланылган адабияттар:

1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Т.4. 155-157 бб.

Жеке аспаптар
Аталыш топтому

Варианттар
Көрсөтүүлөр
Аракеттер
Багыттоо
Аспап кутусу
Башка тилдерде