Тердөө

Википедия дан
Тер

Тердөөорганизмди өтө ысып кетүүдөн сактоочу физиологиялык механизмдин бири.

Мааниси жана курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Терди тери алдындагы май клетчаткасында жайгашкан тер бездери бөлүп чыгарат. Тердөө организмдин жашоо тиричилигинде мааниси чоң. Тердин курамы 98—99% суу, калганы калий жана натрий хлориди, мочевина жана башка татаал органикалык заттан турат. Тердин курамы жана өлчөмү ар бир кишиде ар башка болгондуктан, тердин жыты ар кишиники ар башка. Андан тышкары тер менен зат алмашуу процессинде пайда болгон ажыроо продуктусу бөлүнөт. Ысыкта кара жумуш иштегенде жылуулукту жөнгө салууда анын мааниси чоң. Тердөө дене температурасынан айлана-чөйрөнүкү жогору болгон учурда организмди өтө ысып кетүүдөн сактайт. Ыңгайлуу шартта тынч абалда билинбей тери аркылуу суюктук бууланып турат (организм суткасына тердөө менен 500 мл суу жоготот). Чөйрөнүн температурасы жогорулаган сайын тердөө күчөйт, мисалы, чөйрөнүн температурасы 50°тан ашканда 1 саатта 2 лдей тер бөлүнүшү мүмкүн.

Суу запасы тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жогору температурада организмде суунун запасы толукталбаса деле тер менен суу бөлүнө берип, организм суусузданышы мүмкүн. Бул көпчүлүк физиологиялык функциялардын (дем алуу, кан айлануу жана башкалар) бузулушуна алып келет. Такай ысыкта жүргөндөр жана ага көнүп калгандар азыраак тердейт. Тердөө ысык жана өткүр тамакты, сууну көп ичкенде, кара жумуш иштегенде, ысытмада, толкундаганда жана башкалар учурда күчөйт. Кээде киши такай тердеп, тынчы кетет. Бул учурда врачка кайрылып, кеңеш алуу керек. Себепсиз тердөө кээ бир оорунун белгиси болушу мүмкүн (Терчилдик).

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8