Тизеде күрөшүшүү

Википедия дан

Шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—10 киши.
Оюн көк шибер өскөн жерде өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар экиден болуп турушуп, тизелеринде, бирин бири карашып турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар тизелеринде турушуп, бир-бирин белбоолорунан кармашышын, күрөштүн ыкмаларын колдонушуп далыларына жыгылттышканы аракеттенишет. Оюнчулар бир бирин далыларына жыгылтышкандан кийин, атаандаштары менен алмашышып, күрөшүүнү каалашкан убакытка чейин улантышат. Кеп атаандаштарын жыгыткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Буттарына туруп күрөшүүгө, бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, кол-буттарды кайрууга, урууга, тебүүгө, чурулдоого болбойт.

Оюнга педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда күч, ийилчээктик, шамдагайлыкка тарбияланат, чечкиндүүлүккө, күрөштүн ыкмаларын үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]