Токтогонов, Султан Аманкулович

Википедия дан

Кыскача өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогонов, Султан Аманкулович (1913-жылдары азыркы Калинин району, Сары-Булак кыштагында төрөлгөн.) - тарыхчы жана географ, тарых илиминин доктору, профессор. 1939-жылдан КПСС мүчөсү. Кыргыз мамлекеттик педагогика иниститутун бүтүргөн. 1950-ж. КПСС БКнын Жогорку партия мектебинде окуган. Кыргызстан ЛКЖСтин Гүлчө, Балыкчы райондук комиттеринде бөлүм башчы, Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин агитация жана пропаганда бөлүм башчысынын орун басары, Кыргыз ССР эл агартуу министри. 1956-59-ж. республикасынын жогорку окуу жайларында (Фрунзеде, Пржевальскиде) иштеген. 1959- жылдан Ош мамлекеттик педагогика иниститутунда доцент. КПСС тарыхы кафедрасынын башчысы. Негизги эмгектери кыргыз элинин социалисттик маданиятынын калыптанышы жана өндүрүшү үчүн Кыргызстан Компартиясынын күрөшүнө арналган. Кыргыз география коомунун областык бөлүмүнүн жетектейт жана Ош областынын айрым аймактарынын тарыхы-маданияты боюча изилдөөлөрдү жүргүзөт.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эки орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.