Топурак таануу

Википедия дан
Топурак таануу.

Топурак таануу - топурак, анын курамы, касиеттери, түпкү теги, өнүгүшү, жайгашуусу жана рационалдуу пайдаланылышы жөнүндөгү илим.

Топуракты табигый нерсе, өндүрүш каражаты жана эмгек заты катары изилдейт. Негизги бөлүмдөрү: топурак генезиси, геохимиясы, топурактын физ., коллоид, биол. химиясы, физикасы, гидрологиясы, географиясы, картографиясы.

Топурак 18-кылымдын аягында Германияда изилдене баштап, өсүмдүктүн чиринди (гумус) менен азыктанышы жөнүндөгу теория пайда болгон. 19-кылымдын 40-жылдарында аны агрогеол. багыт алмаштырган. Бул багыт топуракты геол. түзүлүш катары гана карап, андагы биол. процесстерди эске алган эмес.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.