Тургумбаев Эрик Борисович

Википедия дан

Тургумбаев Эрик Борисович (30-апрель 1965-жылы Нарын, Кыргыз ССРи) — театр режиссеру, сценарист, актёр. Коомдук ишмер.

Тургумбаев Эрик Борисович
Туулган жылы:

30-апрель 1965-жылы

Туулган жери:

Нарын, Кыргыз ССРи, СССР

Ишмердүүлүгү:

театр режиссеру,
сценарист,
актёр

Жарандыгы:

СССР желеги СССР
 Кыргызстан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1965-жылы 30-апрелде Нарын шаарында туулган. Анын чыгармачылык жөндөмдүүлүгү бала кезинен байкалган. Ал драма ийримине жана мектептин көркөм иштерине жигердүү катышкан.
1984-1986-жылдары советтик куралдуу күчтөрдүн катарында аскер кызматын өтөгөн.
1988-1992-жылдары Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтунун драмалык факультетинде окуган. Окууну аяктагандан кийин режиссер деген адистикке ээ болот.

Эмгек жолу

Коомдук ишмер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Апрель элдик революциясынын катышуучусу. Ыктыярдуу элдик кошуундун курамында борбор шаарды массалык талап-тоноолордон жана зомбулуктан коргогон. Тургумбаевге, атуулдук милдетин аткаргандыгы үчүн, "Апрель элдик революциясынын баатыры" деген наам ыйгарылды. Ошондой эле Ооганстандагы согуш ардагерлеринин коомунун жана Кыргызстан элдик кошуундар союзунун медалдары менен сыйланган. Мамлекеттик органдардын (күч түзүмдөрү ж.б.) ардак грамоталары жана алкыш каттары менен белгиленген.

Чыгармачылык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тургумбаев Эрик Ленфильм киностудиясында тартылган көркөм фильмдерде эпизоддук ролдорду аткарган:

  • "Менин эң жакын досум Иосифтин уулу генерал Василий" ("Мой лучший друг генерал Василий сын Иосифа") 1991ж.
  • "Бала" ("Дитя") 1992ж.
  • "Чыгыш махабаты" ("Восточный роман") 1992ж.

Ошондой эле, Кыргызфильм киностудиясында тартылган көркөм фильмдерде эпизоддук ролдорду ойногон:

  • "Чыңгызхан" 1992ж.
  • "Жети өлтүрүүчү күнөө"("Семь смертных грехов") 2004ж.


РЕЖИССЕРЛУК ЧЫГАРМАЛАРЫ

Койгон спектаклдер:

  • "Көрүстөн периштеси". Пьесанын автору Жумабек Осмонов. 2015ж.

Тартылган документалдуу фильмдер:

  • "Кыргыз искусствосунун энциклопедиясы" 7-серия (опера жана балет жөнүндө). 2004ж.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]