Түрк тилдери

Википедия дан
Түркий тилдери‎»‎ барагынан багытталды)

Түрк тилдери — генетикалык жана типологиялык жалпы белгилер менен мүнөздөлгөн жакын тектеш тилдердин тобу. Түрк тилдеринде сүйлөгөн элдер мурдагы ССРС, Румыния, Түркия, Иран, Ооганстан, Моңголстан, Кытай, Болгария, мурдагы Югославия жана Албанияда жашайт. Туркияда көбүнэсе түрк тилдери ордуна түрк диялектикалары термини кабылданат. Туркия, Азербайжан, Өзбек жана баардыгы түрк тилинин диялектикалары болуп эсептелет. Түрк тили деп айтканда Туркия түркчөсү эмес баардык түрк диялектикасын камтыган тил иретинде түшүнүлөт.

Түрк тилиндеги негизги бөтөнчөлүктөр: үндүү тыбыштар таңдай жана эрин күүсү боюнча ээрчишет; ассимиляцияланат, сөз жасоо жана сөз өзгөртүү агглютинация жолу менен ишке ашат; род категориясы жок, предлог ордуна жандоочтор қолдонулат; сүйлөмдө же сөз айкашында аныктооч аныкталгычтан мурда келет. Түрк тилдеринин алтай тилдерине мүнөздүү жалпылыкты сактаса да, өзүнө жакын тектеш тилдердин (Моңгол, тунгус, манчжур) алда канча бөлүнүп чыккан. Өнүгүү процессинде өз алдынча диалектилер жана тилдер пайда болгон. Түрк тилдери төмөнкүдөй классификацияланат:

1) Огуз тилдеринин тобу:

  • Огуз түркмөн топчосу (М. Кашгаринин эмгектери боюнча белгилүү Х-XI кк огуз тили; азыркы түркмөн жана түндүк Кавказдагы түркмөн тилдери);

2) Кыпчак тилдеринин тобу: азыркы татар жана башкырт тилдери, байыркы кыпчак тили, кумук, каракалпак, ногой, казак тилдери ж.б.

3) Карлук тобу:

  • Карлук уйгур топчосу (караханийлер мамлекетинин тушундагы 10-11 қылымдагы жана андан кийинки жазма эстеликтердин тили);

Түрк тилдерин жана анын орус тили менен карым–катышын иликтөө байыркы мезгилдерде эле болгон. Бирок түрк тилдери Орусияда жана чет өлкөлөрдө илимдин атайын объектиси катары 19-кылымда гана изилдене баштаган.

Белгилүү түркологдор: В. В. Радлов, П. М. Мелиоранский, Ф. Е. Корш, В. А. Богородицкий, Э. В. Севортян, М. Ресянен, Б. М. Юнусалиев, В.Томсендер

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

М. Кaшгaринин 1076-1077 -ж. жaзгaн "Түрк Тили Сөз жыйнaгындa": Түрктөрдүн тилин үйрөнгүлө! Aнткени, aлaрдын шыбaгaсынa узaккa созулуучу бийлик бaр! деп Xaзрaты Муxaммед пaйгaмбaрыбыз кыямaт-кaйымдын белгилерин, aкыр зaмaндык козголоңдор буйруп aйтқaн экен дегенин эшиткеним бaр дегени кызык[1].

Классификация[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кыргыз Тaрыxы, Кaлен Сидиковa. бишкек 2007 ж. б.318