Төрткүл топоними

Википедия дан

Төрткүл (төрт булуң, төрт бурч) — топоним. Үчилтиктин экинчи, үчүнчү бөлүмдөрүндө алгач Манас мекендеп, андан кийин анын тукумдары ээлеп калган жер катары төмөнкүчө туруктуу эскерилет: “Кайнардын кара көзүндө, Какчынардын өзүндө. Төрткүлдүн төмөн жагында, төрө Манастын сайган багында”. Географиялык реалияда Кыргызстандын аймагында Төрткүл аттуу жерлер көп кездешет. Анткени төрт бурчтуу салынган сепили бар байыркы шаарлардын урандысынын нугу кыргыз тилинде ушундай аталат. Мындай илгерки шаарлардын урандысынын орду Таласта да бар.