Улуу Альберт
| Толук аты-жөнү | Альберт фон Больштедт |
|---|---|
| Англис тилинде | Немис тилинде: Albert Graf von Bollstädt |
| Төрөлгөн | 1193 Лауинген, Швабия |
| Көз жумган | 1280 Кельн, Ыйык Рим Империясы |
Улуу Альбе́рт же Ыйык Альберт, Альберт Кельндук, Альберт фон Больштедт (лат. Albertus Magnus, 1200, Лаунген — 15 ноябрь 1280,Кельн)– немис теологу, философ, монах, доминикандык.
Падуда окуган, Парижде, Кельнде ж. б. сабак берген. Улуу Альберт эркин искусствону, табигый илимдерди, медицинаны жана о. эле Аристотелдин философиясын дагы окуган. Ал өзүнүн каалоосу боюнча «епископ» деген кызматынан бошонуп өмүрүнүн акыркы күндөрүн Кельнде өткөргөн жана монастрдан обочолонуп илимий жана жазуучулук эмгекке берилет. Улуу Альберт терең билимдүү киши болгон. Ага чоң таасир калтырган Аристотелдин эмгегин билген, андан тышкары Авиценнанын, Августиндин жана Псевдо-Дионийдин эмгектерин да окуган.
Анын эмгектеринин көпчүлүк бөлүгүн Аристотелдин чыгармачылыгына болгон комментарийлер түзөт. Улуу Альберттиндин философиялык табигый илимдик кызыкчылыктарынын кеңдиги анын «doctor universalis» деген наамга жетишине түрткү болгон.
Колдонулган адабияттар [оңдоо]
- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8