Фольклор жыйноо

Википедия дан

Фольклор жыйноо — элдик оозеки чыгармаларды ар кимдерден жазып алуу иши. Бул иш боюнча алгачкы тажрыйбалар XI кылымдагы Махмуд Кашгаринин «Девону лугот ит түрк» деген чыгармасынан көрүнөт. XIX кылымда орус окумуштуусу В. В. Радлов, казак элинин агартуучусу Чокан Валихановв «Манас» эпосун жазып алышкан. Советтик түзүлүштүн мезгилинде бул ишке чон, маани берилип, фольклордук чыгармаларды кол жазма түрүндө жазып алууга кызуу киришилген. Кайым Мифтаков 1916-жылдан тартып кыргыз фольклорун жыйноого киришип, бул энтузиаст тарабынан кыргыз жеринин бардык булуң-бурчтарынан «Манас» эпосу баш болгон бай фольклордун көп үлгүлөрү жыйналган, мектептерде оозеки чыгармаларды жыйноо боюнча кружоктор уюштурулган. Ы. Абдырахманов, X. Карасаев, А. В. Затаевичтер да бул иште өз салымдарын кошушту. Азыркы күндө да бул иш өз маанисин жогото элек, фольклордук чыгармаларды жыйноо ишине КРУИАсынын ил имий кызматкерлери, Кыргыз мамлекеттик университетинин, И. Арабаев атындагы КМПУнун, Искусство институтунун, Ысык-көл, Ош, Талас, Нарын, Баткен, Чүй университетринин студенттери катышып

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булак: http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine