Хазарейликтер

Википедия дан
Хазарейликтер

Улуттук кийимчен кичинекей хазарейлик кызы
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 8 млн
 Ооганстан

— 3,2 млн


 Иран — 1,5 млн (1993)
 Пакистан — 0,9 млн
 Австралия — 0,1 млн
 Улуу Британия
 Канада
 АКШ
 Түркия
 Бахрейн

Тили

хазараги
дари

Дини

шиизм (иснаашариттер жана исмаилиттер)

Расалык тиби

монголоид

Келип чыгышы

моңголдор, түрктөр

Хазарейликтер (расмий аталышы (х)а­за́ра, хезаре; перс. هزار‎ [hezâr] — хезар — «миң») — Ооганстандын борбордук провинцияларын мекендеген моңгол тектүү эл.
Хазарей эли боржигин, барлас, найман, ойрот, жалаир, кереит, меркит, булагат, онгут, баарин, татар, баят, салжиут, кидан, горлос, харачин, бехсуд, хатагин, карлук, казак, кыргыз, түркмөн жана башка урууларга бөлүнөт.
Ооганстандын калкынын 10% түзөт.


Хазарейликтердин желеги

Тили[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хазараги тилинде сүйлөшөт. Ал тил дари (фарси-кабули) тилинин диалекти болуп эсептелет.

Хазарейликтер 19-кылымга чейин моңгол тилинде сүйлөшкөн. Аны жоготуунун себептери төмөнкүдөй:

1.Негизги моңгол тилдүү массивден узак мөөнөттүү тилдик обочолонуу жана географиялык алыстык моңгол тилдүү элдер менен тилдик байланышка жолтоо болгон. Мындан улам тил лексикалык колдоо алган эмес. Ал эми жазуунун жоголушу же жок болушу да тилдин жоголушуна себепкер болгон.

2.Тегеректеги иран тилдүү калк (пуштун, тажик ж.б.) менен болгон байланыштар элди иран тилине өтүүгө аргасыз кылган. Дари тилине өтүү процесси акырындык менен, лексиканы дари жана араб тилдеринен келген сөздөр менен байытуу аркылуу болгон. Өлкөдө жалпыга милдеттүү билим берүүнүн (дари тилинде окутуу) киргизилиши менен дари тилине өтүү процесси аяктады.

Дини[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ишенгендердин көбү шииттер (иснаашариттер жана исмаилиттер). Ооганстандын батышында жашаган хазарейликтердин арасында сүннөттөрдүн топтору бар.

Келип чыгышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хазарейликтер жөнүндө алгачкы эскерүүлөр Бабурдун эмгектеринде кездешет. Моңголдор Ооганстанды басып алгандан (1221—1223) кийин Чыңгызхан ал жерде аскер гарнизондорун калтырган. Гарнизондор Моңгол империясынын түштүк чек арасын пуштундардын жортуулдарынан жана Дели султанатынын мүмкүн болгон чабуулунан коргоо үчүн түзүлгөн. Мындай гарнизондун ар бири миң жоокерден турган. Ушундан улам «хезар» этноними пайда болгон. Хезар сөзү иран тилдеринде «миң» дегенди билдирет. Моңгол гарнизондордун жоокерлери Ооганстанда көптөн бери жашагандыктан жергиликтүү иран тилдүү этникалык топтор менен аралашып, алардын тилин жана маданиятын өздөштүрүшкөн. Моңгол мамлекеттери кыйрагандан кийин хазарейликтер өрөөндөрдөн сүрүлгөн. Натыйжада хазарейликтер Ооганстандын борбордук, тоолуу жана аскалуу бөлүктөрүндө жашап калышкан. Бул аймак Хазарежад деп аталды. Хазарежад 19-кылымдын аягына чейин ооган эмири Абдуррахман басып алганга чейин салыштырмалуу обочолонгон абалда болгон. Хазарежаддын калкына карата ооган өкмөттүн катаал саясаты хазарейликтердин тез-тез көтөрүлүшүнө себеп болгон. Көтөрүлүштөрдү басуу массалык репрессиялар жана өлкөдөн кууп чыгуу (Иранга, Британдык Индияга) менен коштолгон. 1933-жылы хазарей улутундагы студент Абдул Халик ооган королун Мухаммад Надир шахты өлтүргөн. 1970-жылдары хазарейликтердин арасында улуттук-диний саясий кыймыл пайда болгон. 20-кылымдын аягынан бери талибтер тарабынан геноцидге дуушар болушкан.

Генетикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Генетикалык изилдөөлөр көрсөткөндөй, хазарейликтердин 40%ен ашык Y-хромосомалык С2 гаплогруппасы бар. Бул факт алардын монгол тектүү экендигин далилдейт.
Гаплогруппа R1b – 25%. Хазарейликтердин арасындагы бул гаплогруппа Дешт-и-Кыпчак талааларынан келет.
Башка Y-хромосомалык гаплогруппалар J2, R1a, E1b1b, L-M20 хазарейликтердин арасында Ооганстандын жергиликтүү калкы менен болгон байланыштын натыйжасында пайда болгон.

Чарбачылык иштери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Салттуу кесиби сугат дыйканчылык. Түндүктө жарым көчмөн мал чарбасы басымдуу. Кездеме (барак) өндүрүшү өнүккөн, андан кафтан, шым, кышкы шашки төшөктөр (шоли) тигилет.

Турак жайы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Элдин негизги бөлүгү тоо боорлорундагы ири уруулук конуштарда (кала) жашашат. Конуштар чопо менен тургузулган дубалдар менен бекемделген, бурчтарында кароол мунаралары бар. Үйлөр дубалдарга туташып турат, короо ортодо.
Көчмөндөр саман, кийиз менен жабылган конус түрүндөгү үйлөрдө (чаппари) жашашат.

Коом[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акыркы мезгилге чейин хандар жана маликтер башчылык кылган уруулар болгон.
Патрилинейлик тукум (ханвар) сакталууда.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]