Химия терапиясы

Wikipedia дан
Химия терапиясын алып аткан аял

Химия терапиясы — оору козгоочу микробдор менен мителердин тиричилик аракетин жана шишиктердин өсүүсүн басаңдатуучу дары-дармектер менен жугуштуу жана мите ооруларын, шишиктерди дарылоо.
Химия терапиясы медицинанын өз алдынча багыты катары 20-кылымдын башында пайда болгон. Немец илимпозу П. Эрлих микробго каршы активдүү таасир этүүчү мышьяк бирикмелерин синтездеп алып, аларды айрым жугуштуу жана мите ооруларын дарылоо үчүн колдонгон.
Сульфаниламид дарылары менен антибиотиктердин пайда болуусу химия терапиясынын өнүгүшүндө чоң мааниге ээ болду. Азыркы мезгилдеги химия терапиясынын милдети — микробго жана шишикке каршы касиети бар жаңы дарыларды табуу жана анын таасир этүү механизмдерин изилдөө.
Химия терапиясында колдонулуучу синтезделген жана табигый дарылар ылгап таасир этүүсү менен өзгөчөлөнөт, башкача айтканда алар микробдордун же клетканын белгилүү гана түрүнө таасирин тийгизет. Алар бактерияларга, кургак учукка, мите козу карынга, вирустарга каршы жана башкалар болуп айырмаланат. Бул каражаттар дарылоо үчүн гана колдонулбастан жугуштуу оорулардын алдын алууда жана бацилла алып жүрүүчүлүккө каршы күрөшүү үчүн да пайдаланылат. Химия терапиялык каражаттар менен дарылоонун натыйжасы бир катар шарттарга байланыштуу болот. Бул дарыларды кабыл алууда белгилүү эрежелерди жана врачтын көрсөтмөсүн аткаруу зарыл.
Дарылар оору козгогучтарды белгилүү концентрацияда гана өлтүрөт, аны аз кабыл алууда (концентрациясын азайтууда) дарылоо натыйжасыз болуп, микроорганизмдер ал дарыга туруктуу болуп калат. Ошондуктан врач көрсөткөн дозаны жана күн бою кабыл алуу режимин бузбоо зарыл. Эгерде дарыдан кусуу, аллергиялык реакция жана башкалар башталса гана дарыны токтотуп, врачка кайрылуу керек.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8