Чорас

Википедия дан

Чорас – 14–16-кылым Моголстанды мекендеген жана түрктөшүп кеткен уруу. Ойрот-калмак (Жуңгар) мифологиясында Чорас деген ат менен дербет жана жуңгар княздарынын байыркы ата-бабалары айтылат. Чоро деген аталыш «Манас» эпосунда салттуу түрдө туруктуу айтылат. Чоро – энчилүү ат катары кыргыздарда байыртадан белгилүү. Чоролор өз алдынча уруу катары 13-кылымдан эскерилет. Чорас бүгүнкү булгаачы (уруулук бирикме), тагай (геноним), кушчу, дуулат, баргы уруулары менен бирге эскерилет. Жуңгар хандыгы коомдук-саясий түзүлүшү жагынан башында хан турган негизги төрт ойрот уруусунун союзу болгон. Ар бир уруунун башчысы тайджи (да-тобцзи) деп аталчу. Чорас уруусунун чоң тайджиси уруулук бирикменин жетекчиси болуп, бир эле учурда хан деп да аталган. 14-кылымдын аягында (1399–1445) кыргыздар Угечи Кашка (Гүйлүжү, Мөңкө Темир) жетекчилиги астында ойрот-моңгол урууларына үстөмдүк кылган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.