Чоң Жаргылчак

Википедия дан
Чоң Жаргылчак
Мүнөздөмө
Узундугу 25 км
бассейндин аянты 137 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Чоң Жаргылчак - Тескей Ала-Тоонун түндүк капталынан башталган суу. Узундугу 25 км, алабынын аянты 137 км2. Ысык-Көлгө куят. Жылдык орточо чыгымы 2,32 м3/сек, эң көбү 25,3 м3/сек, азы 0,22 м3/сек. Май айында кирип, августта жогорку деңгээлине жетет; октябрда тартылат. Жалпы узундугу 53 км келген 24 куймасы бар. Өрөөдүн ичи кооз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2