Чурку

Википедия дан

Чурку — ички органдардын, ткандардын өз ордунан жылып тубаса же кийин (операция, травмадан) пайда болгон тешиктер аркылуу теринин астына дөмпөйүп чыгышы.

Чурку: 1— курсак чуркусу; 2— киндик чуркусу; 3— чурай чуркусу; 4— сан чуркусу; 5— калта чуркусу.

Мында органдарды каптаган чел кабык (ич чели, өпкө чели жана башкалар) бүтүн бойдон болот. Чуркунун тубаса жана кийин пайда болгон түрү бар. Ал жайгашкан жерине жараша чурай, мээ, көкүрөк, сан, киндик, курсак Чуркусу болуп бөлүнөт. Ичеги, киндик, калта, жука чурай Чуркулары көп кездешет.

Чуркунун ички органдар чыга турган жери (дарбазасы), ички органдарды каптап кошо чыккан ич чели (чурку кабы) болот. Анын пайда болушуна оор кара жумуш, ич катканда дайыма ыйынуу, жөтөл жана башкалар себеп болот.

Айрыкча кош бойлууларда байкалат. Мында курсактын ички басымы жогорулап, ич капталдары начарлап жукарат да Чурку пайда болушу мүмкүн. Көңдөйлөрдүн капталы кээде кокустукка учурап жабыркаганда жараланган алсыз жери аркылуу ички органдардын дөмпөйүп чыгышы ыктымал. Бала жатында кезинде пайда болгон кемтиктерден (мисалы, киндик шакегинин бүтпөй калышы жана башкалар) тубаса Чурку пайда болот. Ал пайда болгон жер дүмпүйүп чыгып, сыйпалаганда Чурку тешиги (дарбаза) байкалат, жөтөлгөн сайын ички органдар баскан бармакты түртүп турат. Жатканда Чурку ич көңдөйүнө кирип, дөмпөйбөй калат. Кабылдабаган Чуркуда оорулуу ошол жерин бир аз ыңгайсыз оор сезет. Өтө чоң Ч. оорутат, адамдын жумушка жөндөмүн азайтат. Чуркунун кабылдоосу — анын сезгениши жана кысылып калышы. Сезгенүүсү Ч. кабынын травма алышынан болуп, Чурку кабы ичиндегилерге жабышып, аны ич көңдөйүнө киргизүүгө мүмкүн болбой калат. Анын эң коркунучтуу кабылдоосу — Чурку дарбазасы тар болуп, ал аркылуу чыккан органдардын (көбүнчө ичеги) көлөмү кыйла чоң болушунан алардын кысылып калышы; мында кан айлануу токтолуп, функциясы бузулат, орган жансызданат. Эгерде кысылган органдар өз убагында бошотулбаса ич чели сезгенип, перитонитке өтүшү мүмкүн. Ичегилер кысылганда ичеги өткөөлсүздүгү келип чыгат.

Чуркуну дарылоодо хирургиялык ыкма колдонулат. Чурку менен жапа чеккендер хирургдун көзөмөлүндө болууга тийиш. Кабылдабаган Чуркуну операция жасоо коркунучсуз жана жакшы натыйжа берет. Убагында операция жасалбай кысылып калган учурда шашылыш операция жасалат. Кысылган Чуркуну күч менен киргизүүгө аракеттенүү, ысык басуу, ооруну басаңдатуучу дарыларды ичүү жарабайт. Кысылган органдарды күч менен түртүп киргизүүгө аракеттенгенде, алар жарылып, ичиндегилер ич көңдөйүнө кирип, перитонитке алып келет. Чуркуга операция жасоого мүмкүн болбогон учурда бандаж кийсе болот. Балдарда көбүнчө тубаса болуп, негизинен киндик жана чурай Чуркусу кездешет. Киндик Чуркунун кысылышы сейрек жолугат, аны дарылоодо жабышкак пластырь жабыштыруу керек. Пластырь Чурку чыккан тешикти кичирейтип, анын дүмпүйүп чыгышынан сактоого тийиш. Пластырды 7 — 14 күндө бир алмаштырат.

Чуркунун алдын алууда организмди чыңдоо, ич булчуңдарын чыңдоочу физкультура жана спортту эрте баштоо, күч эмгеги менен эс алууну туура айкалыштыруу чоң мааниге ээ. Кош бойлуулар режимди туура пайдаланып, төрөттөн кийин бандаж кийип, массаж, гимнастика жасаган талапка ылайык. Өтө семирүү же өтө арыктоонун кажети жок. Балдарда Чуркуну болтурбоо үчүн аларды туура багуу жана тамактандыруу, ич катуудан алдын алуу жана өз убагында аны жоюу керек. Ич чыңалтмасын чыңдоочу атайын көнүгүүлөр пайдалуу. Кичинекей балдарды күнүнө 3—4 жолу (1—3 мин.) көмкөрөсүнөн жаткыруу сунуш кылынат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8