Чээнге кирүү

Википедия дан
Glis glis
Ambrostoma koreana

Бул жаратылыштын өзгөчө кубулушунун бири. Чээнге кирүүчүлөр чээнге кирүүгө алдын ала камданат. Бул учурда чээнге кирүүчүлөр өз денесинде жетишерлик азык зат топтойт. Жата турган жайларын даярдап, ичеги карындагы курттардан кутулууга кам көрөт. Мисалы, суурлар, сары чычкандар чээнге кирүүнүнгө 20 күнчө калганда митесинен кутулууга аракет кылат. Алар шыбактын айрым бир түрүн жеп шыбак ичин өткөрүп ичеги карындагы калган азык түлүктү, курттарды кууп чыгарат. Андан кийин ичеги карыны бырышып, бүктөлүп кичиреет.

Эмне үчүн жаныбар ичегилерин азык заттардын калдыгынан жана ички мителерден тазаланышат? – деген суроо туулушу мүмкүн. Себеби ичеги карында азык түлүктүн калдыгы жана мителер калса анда алар терең уйкуга кире алышпайт, себеби, азык сиңирүүчү органдарда калган заттар, гельминттер тынч уктатышпайт, ошондуктан жаныбарлар мителерден тынч кутулуусу тынч терең уйкуга кирүүсүн шарт түзөт.

Чээнге киргендердин физиологиясы ар түрдү болот, мисалы, сары чычкан активдүү демилгелүү учурунда жүрөгү бир мүнөттө 200-400, ал эми уктап жатканда 7-10 жолу согот. Жүрөктүн мындай согушу анын зат алмашуусуна байланыштуу. Уктап жаткан организмде зат алмашуу, дем алуу төмөндөйт.

Жаныбар терең уйкуда учурунда, кээ бир маалыматтарга караганда кан жана мээ де пептид заттынын көбөйгөндүгү байкалган. Бул зат чээнге киргендердин абалын жөнгө салып турушу мүмкүн деген пикир бар.

Чээнге кирүүчүнүн анабиоздук кубулуштан айырмасы бар. Биринчилер экинчилерге караганда, толугу менен жансерек болбойт, алар ойгонуп кайра уйкуга кирүүгө жөндөмдүү. Чээнге киргендер болсо уктап жаткан учурларында ууга жана оору сыктоону жуктуруучу микрорганизмдердин таасирлерине туруктуу келишет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. "Биология" энциклопедиялык окуу куралы. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4