Камила Шаршекеева

Википедия дан
Шаршекеева Камила‎»‎ барагынан багытталды)
Камила Шаршекеева
Төрөлгөндөгү аты:

Шаршекеева Камила Дүйшөбаевна

Ишмердүүлүк тармагы:

мамлекеттик ишмер

Туулган датасы:

30 -март 1957(1957-03-30) (67 жаш)

Туулган жери:

Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Атасы:

Дүйшебай Шаршекеев

Апасы:

Айжаркын Канаева

Камила Шаршекеева — мамлекеттик ишмер, Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин (КАУ, БААУ) жана Борбордук Азиядагы Эл-Аралык Университетинин (БАЭУ) негиздөөчүсү. Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ)[1], “SIFE-Enactus” программасынын жана “EdNet” аккредитациялоо агенттигинин демилгечиси. Мурдакы Кыргыз Республикасынын билим берүү министри, учурда БАЭНУнун ректору. Педагогика илимдердин кандидаты, профессор.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Камила Шаршекеева 1957-жылы, 30-мартта Фрунзе шаарында туулган. Атасы Дүйшебай Шаршекеев - Кыргыз ССРин эмгек сиңген ветеринардык врачы, апасы Айжаркын Канаева - ордендүү тарых мугалими. Алты бир тууган.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1974-жылы борбордогу №13 орто-мектепти аяктап, Москвадагы Морис Торез атындагы мамлекеттик чет тилдердин педагогикалык институтунда окуган. Ал жерде “Роман-германдык филология” адистиги боюнча дипломго ээ болгон. Алынган адистиги боюнча Англия жана Америкада такшалмадан өткөн. Кыргыз, орус, англис жана немис тилдерин жогорку деңгээлде билет, педагогикалык илимдердин кандидаты, профессор.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1979–1993-жылдары Камила Шаршекеева Кыргыз мамлекеттик улуттук Университетиндеги англис филология факультетинде окутуучу, 1993-жылы КМУУнун ичинде бизнес, укук жана гуманитардык илимдер боюнча кыргыз-америкалык факультетти (КАФ) уюштуруп, деканы болуп иштейт. 1997-жылы КАФтын базасында Камила Шаршекеева Кыргызстандагы Америкалык Университетин (КАУ) негиздеп, аны жетектейт. 2002-жылы бул окуу жайы бүткүл Борбордук Азия регионуна адисттерди даярдоодо албан ийгиликтерге жетишкендиги үчүн Борбордук Азиядагы Америкалык Университетинин статусуна ээ болот (БААУ).

1995-жылы КАФтын студенттери менен биргеликте алгачкылардан болуп “Студенттер эркин ишкердүүлүк дүйнөсүндө” аттуу SIFE программасына кошулат. Бүгүнкү күндө бул программа Enactus глобалдык уюмуна айланып, анын иш-аракеттерине дүйнө-жүзү боюнча 36 мамлекеттен 1700 университеттин студенттери катышат. Түрдүү долбоорлор менен иштешип, студенттер өзүнүн жашаган жериндеги, региондогу, шаардагы социалдык-экономикалык абалды изилдеп, түрдүү бизнес-идеяларды сунуштап, коомчулуктун абалын жакшыртууга олутту салымдарын кошуп, бир командада иштөөгө үйрөнүп, лидердик сапаттарды өстүрүүгө жетише алышат.

2001-2002-жылдары билим берүү жана маданият министри болуп иштеп, Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) системасын бардык окуу жайларына киргизүүгө демилгечи болот. ОРТнин жыйынтыктары менен жыл сайын жогорку бааларга ээ болгон 6 миңге жакын абитуриент жогорку окуу жайлардын бюджеттик орундарына окууга өтүшөт. Кыргызстан билим берүүнүн PISA аттуу дүйнөлүк баалоо системасына кошулган. 2001-2002-жылдары тышкы иштер министри А. Жекшенкулов менен биргеликте Бишкекте ОБСЕнин академиясын ачууга даярдыктарды көрүп, бул окуу жайы Борбордук Азиядагы постдипломдук билим алууда, региондо коопсуздук боюнча изилдөөлөрдү жана байланыштарды өнүктүрүүдө өз салымын кошуп келет.

2002-2004-жылдары жогоркуу окуу жайларынын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн EdNet уюмун түзөт. Бүгүн бул уюм окуу жайларынын билим берүү программаларын көз карандысыз экспертизасын өткөрүү менен да алектенет.

2004-2006 жылдары Дүйнөлүк Банктын “Айыл жердеги билим берүү” аттуу Кыргыз Республикасынын билим берүү министрилиги менен биргеликте жүзөгө ашырган долбоордо жетекчи болуп иштеп, айыл мектептеринин колдоого 15 миллион доллар өлчөмүндөгү грант тарткан. Проекттин алкагында Кыргызстанда алгач ирээт PISA эл-аралык билим деңгээлин баалоо изилдөөлөрү өткөрүлгөн.

2008-жылынан бүгүңкү күңгө чейин Токмок шаарындагы БАЭУнун ректору.

Камила Шаршекеева ондогон илимий эмгектердин, макалалардын, окуу куралдарынын, илимий жыйнактардын, билим берүү тармагында жазылган материалдардын автору, англисче-кыргызча сөздүктү даярдоого жетекчилик кылган. Ал 400-гө жакын презентация, доклад түрдүү эл-аралык, республикалык симпозиумдарда, конференцияларда, кенешмелерде ийгиликтүү даярдап, окуп өткөрүп берген. “Уюштуруучулук жүрүм-турум”, “Лидерлик” окуу курстарынын автору.

Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги. К. Шаршекеева өлкөнүн билим берүү тармагына эмгеги сиңген кызматкер.[2]

2017-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ат салыша турганын жарыялады[3].[4] 2017-жылдын 9-сентябрында КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Камила Шаршекееваны каттоодон баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алынган.[5]

Үй бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй бүлөлүү. Жолдошу - Аргынов Болотбек Асанжанович. Уулу - Аргынов Данияр Болотбекович (Deloitte брендинин улук консультанты, Чикаго). Кызы - Аргынова Гульсана Болотбековна.

Агасы - Шаршекеев Марат (КР Соода-өнөржай палатасынын президенти).

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кыргызстан ЖОЖдорго кабыл алууну системалаштыруу, коррупцияны ооздуктоо аракетин кылууда Euroasianet (29.05.2019)
  2. Шаршекеева Камила Дуйшебаевна — биография Sputnik.kg (29.06.2017)
  3. Камила Шаршекеева президенттикке талапкер болууга арыз жазды Азаттык үналгысы. (28.06.2017)
  4. Борбордук Азиядагы Америка Университетинин негиздөөчүсү Кыргызстандын президенттигине ат салышат 24.kg (29.06.2019)
  5. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.Шаршекееваны каттоодон баш тартты. БШК (09.09.2017)