Эдификатор түрлөр

Википедия дан

Эдификатор түрлөр - биоценоздогу чөйрө түзүүчү доминант түрлөр. Эдификаторлор организмдик жыйындыларда сандык жактан басымдуулук кылуу менен бирге, түрлөрдүн ядросун түзүп жана ал биоцеоздогу башка түрлөр үчүн чөйрө түзүүдө орчундуу орунду ээлейт. Эгерде эдификатор түрлөрдү биоценоздон жок кылсак же санын азайтсак, анда ал жерде түрдүк түзүлүштөр менен биотоптук микроклиматтын өзгөрүлүшүнө алып келет. Мисалы, Кыргызстандагы карагай токоюнда карагай, арча токоюнда арчаларды айтсак болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]